Ислам дини » Терминдер » Кабыр суроолору




Кабыр суроолору


Жаназа жерге берилгенден кийин кабырга келген Мункар жана Накир аттуу эки периште тарабынан өлүктөн ыйман менен акыйда тууралуу сурала турган суроолор.(Караңыз: Мункар жана Накир)

Өлүк жерге берилгенден кийин жанына эки периште келет. Аны кармашат. "Раббиң (Кудайың) ким?” – деп сурашат. Өлүк: "Раббим – Аллаху таала”, – деп жооп берет. (Пайгамбарыбыз алейхиссаламга ишарат кылып) "Силерге жиберилген ал зат ким?” – деп сурашат. Өлүк: "Ал – Аллаху тааланын Расулу (Элчиси), пайгамбары,” – деп жооп берет. "Муну кайдан билесиң?” – деп сурашат. Өлүк: "Аллаху тааланын китеби Курани каримде окудум. Ага ыйман келтирдим жана Аны тастыктадым”, – деп айтат. (Хадиси шариф, Латаиф-ул-Маариф)

Мункар жана Накир аттуу эки периште "Раббиң ким? Диниң эмне? пайгамбарың ким? Кыбылаң кайда?” деген суроолорду сурашат. Аллаху таала кимди ийгиликтүү кылса жана кимдин жүрөгүнө хак сөздү жайгаштырган болсо, ал: "Силерди өкүл кылып ким  жиберген болсо, Раббим Ал. Менин Раббим Аллах, пайгамбарым Мухаммед алейхиссалам, диним Ислам.” (Мухаммед бин Хусейн ал-Ажурри)

Момундардан тогуз адамга кабыр суроосу суралбайт: Шейит, душманга каршы күзөттө турганда кайтыш болгон, холера, уваба сыяктуу жугуштуу таралма ооруга чалдыгып кайтыш болгон жана ушундай оору тараганда качпай, сабыр кылып, башка себептен улам кайтыш болгон, сыддыктар, балагатка (гусул даараты ала турган жашка) толбогон жаш балдар, Жума күнү жана түнү кайтыш болгондор, ар түнү Табарака сүрөсүн, Сажда сүрөсүн окугандар жана өлүм төшөгүндө жатканда Ихлас сүрөсүн окуган адамдар. (Ибни Абидин)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш