Ислам дини » Терминдер » Азиз (аль-Азиз)




Азиз (аль-Азиз)


1 – Аллаху тааланын Асмаи хуснасынан (көркөм ысымдарынан). Дайым иззат жана кудурет ээси. Үстөм, окшошу жок, чоң-кичине бардык нерсе Ага катуу муктаж.

Аллаху таала Курани каримде айтат:

"Билип койгула, Аллаху таала - Азиз (Кудуреттүү), Хаким (Даанышман).” (Бакара, 209)

"Бир адам кырк күн жана күндө кырк жолу "Ал-Азиз” ыйык ысымын айта турган болсо, Аллаху таала ага жардам берет жана аны үстөм кылат. Макулуктардын эч бирине муктаж болбойт.” (Юсуф Набхани)

2 – Беделдүү, ардактуу, үстөм.

Аллаху таала Курани каримде айтат:

"Эй, Мухаммед! Айткын: "О, мүлктүн ээси болгон Аллахым! Мүлктү каалаганыңа бересиң, каалаганыңан алып коёсуң. Кимди кааласаң ардактуу кыласың, кимди кааласаң кор кыласың. Жакшылык Сенин гана колуңда. Чынында, Сен бардык нерсеге Кудуреттүүсүң.” (Али-Имран, 26)

"Биз зелил (төмөн) бир коом элек. Аллаху таала бизди Ислам менен азиз кылды. Иззатты Аллаху тааланын бизди азиз кылган нерсенин (Исламдын) сыртында издей турган болсок, Аллаху таала бизди оболкусунун да зелил (төмөн) кылат.” (Хазрети Омар)

"Аллаху тааланын буйрук жана тыюуларын орундай турган болсоңор азиз, орундабай турган болсоңор резил (маскара, шерменде) болосуңар. Аллаху таала азиз кылган адамды эч ким төмөнсүнтө албайт.” (Али Риза)

"Аллаху таала бир адамды азиз кылууну кааласа, ага күнөө кылдыртпайт, майда күнөөлөрүн эсептебейт, кечирет. Аны Бейишке киргизет. Жамали Илахисин (дидарын) көрүүнү насип кылат.” (Абдулхаким Арваси)

"Үч нерсе мусулмандарды өтө азиз кылат. 1) Өзүнө зулумдук кылган адамды кечирүү, 2) Өзүнө бир нерсе бербеген адамга берүү, жакшылык кылуу, 3) Өзүн сурап-избедеген адамдарды издеп, ал-абалдарын суроо.” (Жафари Садык)

"Дүнүйөдө азиз болууну, акыретте кутулууну каалаган адам тилине ээ болсун.” (Жафари Садык)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш