"Абдуллахтар. Пайгамбарыбыздын кутман
сахабаларынын (досторунун) арасында фикх жана хадиси шариф илимдеринде атагы
чыккан Абдуллах атында болгон сахабалар. Абаадила - бул Абдуллах сөзүнүн
көптүк түрү. Пайгамбарыбыздын кутман сахабаларынын арасында Абдуллах аттуу үч
жүзгө жуук сахабалар бар. Бирок, алардын ичинде: Абдуллах бин Омар, Абдуллах
бин Аббас, Абдуллах бин Зубайр, Абдуллах бин Амр бин Ас радыяллаху анхум
илимдеги үстөмдүктөрүнүн себеби менен Абаадила деген ардактуу наам менен
таанылышкан. Булар Абаадила-и Арбаа деп дагы аталат.
Абдуллах бин Масуд (радыяллаху анх) хазреттери
фикх илиминде маанилүү орунга ээ болсо да, Абаадилердин арасында аталбагандыгынын
себеби - бул сөздүн ал кайтыш болгондон кийин пайда болгондугу. Ушуну менен
катар, Абаадиладан деп эсептеген аалымдар да бар.”(Ибни Хумам, Ахмед
Наим)