Ислам дини » Терминдер » Раб (Рабби)




Раб (Рабби)


Аллаху тааланын ыйык асымдарынын бири. Сахиб (ээ, кожоюн), малик (мүлк ээси), тарбия кылган деген маанилерди туюнтат.

Курани каримде Анъам сүрөсүнүн 164-ыйык аятынын маанисинде айтылат:

"Айткын: "Аллах бардык нерсенин Раббиси болуп турганда мен Аллахтан башка Рабби издейт бекенмин? Ар бир жандын жасаганы өзүнө гана таандык. Эч бир күнөөкөр башка бирөөнүн күнөө жүгүн көтөрбөйт. Кийин баарыңардын кайтууңар – Раббиңерге! Анан ошондо Аллах силер дүнүйөдө өз ара талашкан нерселериңердин кабарын силерге берет.”

"Аллах бардык асмандардын жана жердин жана ортосундагылардын Раббиси. Андай болсо Ага ибадат кыл жана Ага ибадат кылууда сабырдуулук кыл...”(Марям сүрөсү, 65)

"Каза жана тагдырыма ыраазы болбогон, жактырбаган жана жиберген кыйынчылыктарыма сабыр кылбаган адам менден башка Раб издесин. Жер бетинде кулум катары турбасын.” (Хадиси кудси, Мактубати Раббани)

Лавхи махфузга алгач: "Менден башка Аллах жок. Мухаммед алейхиссалам менин Расулум жана Хабибим жана бардык нерсе менин мүлкүм. Бардын нерсенин Раббисимин, Халыкымын (жаратуучусумун),” – деп жызылды. (Хадиси кудси, Муснади Ахмед Ибни Ханбал)

Раб сөзүн "Рааб” деп созуп айтуу маанисин өзгөртөт. Анткени, Рааб деп созуп айтуу арапчада өгөй ата деген маанини билдирет. Мисалы, "Алхамдулиллахи рааббил” деп созуу маанини бузат. Ушул сыяктуу муаззиндердин (азанчылардын) "Рааббанаалакал хамд” деп айтуулары да маанини бузат. Себеби, Раб сөзүн Рааб сыяктуу созуп айтуу "Аллахыбызга мактоо айтабыз” дегендин ордуна, "өгөй атабызга мактоо айтабыз” болууда. Бул сыяктуу окуу таганни менен окуу болуп эсептелет. Таганни менен окуу маанини буза турган болсо, намазды да бузат. Туура айтууга маани берүү керек. (Алауддин Хаскефи)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш