"Дүнүйөдө дос-душман, татыктуу-татыксыз,
момун-капыр жараткандарынын бардыгына ырыскы жана чексиз нематтарды берүүчү
зат” деген маанини билдирген Аллаху тааланын көркөм ысымдарынын бири.
Аллаху таала Курани каримде Фуркан сүрөсүнүн 63-ыйык
аятынын маанисинде айтат:
"Рахмандын кулдары жер бетинде
карапайым жана салмактуу болуп жүрүшөт. Жахилдер аларга тийишкен жагдайда
аларга "силерге амандык, эсендик тилейбиз” дегендей жылуу сөздөрдү айтышып,
тууралык жана жылуу сөз менен күнөөдөн сактанышат.”
"Кимде-ким намаздан кийин 100 жолу Рахман куттуу
ысымын окуй турган болсо Аллаху таала анын жүрөгүнөн исйан (каршы чугуу) жана
гафилдикти чыгарып салат.” (Юсуф Набхани)
"Зикир кылгын зикир, денеңде болгондо Жаның!
"Жүрөктүн тазалыгы зикир менен Рахмандын!” (Имам
Раббани)