Ислам дини » Терминдер » Рахим (Ар-Рахим)




Рахим (Ар-Рахим)


1 – Аллаху тааланын асма-и хуснасынан (көркөм, куттуу ысымдарынан). Акыретте жалгыз мусулмандарга гана ырайым кылуучу Зат.

Аллаху таала Курани каримде айтат:

"... Шексиз-күмөнсүз Аллаху таала Гафур (Кечиримдүү), Рахим (ырайымдуу).” (Зумар сүрөсү, 53)

"... Мен артыгы менен тооболорду кабыл кылуучу жана Рахиммин.” (Бакара сүрөсү, 53)

"Шайтан "Аллаху таала Рахим, кечирет” деп, адамды күнөө кылууга тартат.” (Имам Раббани)

"Аллаху таала акыретте досторун, башкача айтканда, момундарды Рахим сыпаты менен, кереми менен, ихсаны менен Бейишке киргизет жана жамалын көргөзөт.” (Сеййид Абдулхаким Арваси)

"Кимде-ким күндө 100 жолу "Рахим” куттуу ысымын окуса жүрөгүндө риккат (жумшактык) жана макулуктарга карата ырайым пайда болот.” (Юсуф Набхани)

2 – Күнөөкөр мусулмандарга акыретте боорукердик, мээримдүүлүк кылуучу деген мааниде болгон Расулуллах алейхиссаламдын сыпаттарынан.

Курани каримде айтылды:

"Ант болсун, силерге өзүңөрдөн ушундай бир пайгамбар келген; силердин кыйынчылыкка дуушар болууңар Ага оор тийет. Анткени, Ал сизлерге өтө берилген, момундарга карата өтө рауф (боорукер) жана рахим.” (Тообо сүрөсү, 128)

"Биз жашыбыз жакын болгон бир топ жаштар Расулуллахка (саллаллаху таала алайхи васаллам) бардык. Анын жанында жыйырма күн калдык. Расулуллах (саллаллаху таала алайхи васаллам) рахим жана рафик (жумшак, асылзат, сылык) киши эле. Үй-бүлөдөгүлөрүбүздү сагынганыбызды байкап, бизден үй-бүлөбүздө кимдерди калтырып келгенибиз тууралуу сурады. Биз дагы жооп бердик. Ошондо: "Үй-бүлөңөргө кайтып баргыла жана алардын жанында калгыла! Дагы аларга үйрөткүлө! Аларга буйрук кылгыла! Намаз убакты киргенде араңардан бирөөңөр силерге азан окусун. Анан эң улууңар силерге имам болсун”, - деп айтты. (Малик бин Хувайрис, Муслим)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш