Ислам дини » Терминдер » Гафлет (гафилдик)




Гафлет (гафилдик)


Напсинин каалоолоруна берилип, Аллаху тааланы, буйрук менен тыюуларын унутуу абалы.

Аллаху таала Курани каримде Марям сүрөсүнүн 39-ыйык аятынын маанисинде айтат:

"(О, Расулум!) Сен аларды иш чечилген (эсеп бүткөн) күндүн коркунучу менен коркут. Алар дагы деле гафлетте. Алар ыйман келтирбей жүрүшөт.”

"О, адамдар! Өлө электе гафлетти таштагыла жана Аллаху таалага кайткыла. Тообо-истигфар кылып, Аллахка кулчулук кылгыла. Силерди алаксыта турган иштериңер көбөйө электе пайдалуу иштерди кылууга аракет кылгыла. Аллаху тааланы көп-көп эстегиле. Раббиңердин ыраазычылыгын табууга аракет кылгыла. Ушундай кыла турган болсоңор ырыскыңар мол болот. Табышыңар артат. Жардам көрөсүңөр жана кемтиктериңер толукталат. (Ыйык хадис, Сунани Ибни Мажа)

"Төрт нерсе адамдын насипсиздигинен жана гафлетинен: Көздөрдүн ыйлабашы, ташбоор болуу, кыялчы жана ачкөз болуу.” (Ыйык хадис, Ат-Таргиб ват-Тархиб)

Гафлет адамда текебердик пайда кылат жана курутат. (Хазрети Али)

Адамга эң зыяндуу нерсенин эмне экенин билгим келди. Ал нерсенин гафлет экенин түшүндүм. Гафлеттин адамга келтирген зыянын Тозок оту келтирбейт. О, Раббим! Бизди гафлет уйкусунан ойгото көр. Лутуф жана керемиң менен бул дубамды кабыл кыла көр. (Баязиди Бистами)

Өмүрүңдү текке кетирбе, напсиңе кубат бербе,

Ойгон! Гафлет кылба, жалбар Аллаху таалага.

Күнөөң көп болсо да, Андан үмүт үзбө,

Кечирими, кереми мол, жалбар Аллаху таалага. (Ибрахим Теннури)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш