Риваят


1 – Бир нерсени кабар берүү же кабар берилген нерсе.

Хазрети Али радыяллаху анхтан келген риваяттарда мындай деп билдирилди: "Калбдар (жүрөк, көңүл) идиштерге окшош. Жакшы болгон жакшылыктарга толо болгону.”

"Бардык жамандыктардан оолак болуунун жолу – тилди тыюу.”

2 – Накыл кылуу, билдирүү.

Ахмед бин Ханбал риваят кылган хадиси шарифтердин айрымдары төмөндөгүдөй:

"Бир адамдын күнөөлөрү көбөйгөндө күнөөлөрүнө каффарат (кечирилүүсү) үчүн Аллаху таала аны оокат жагынан кыйынчылыкка дуушар кылат.”

"Ыймандын эң бекем кулпусу – Аллах үчүн сүйүү жана Аллах үчүн жек көрүү (душмандык кылуу).”

"Дүнүйөнү сүйгөн адам акыретте зыянга учурайт. Акыретти сүйгөн адам дүнүйөсүнөн зыян тартат. Ушундай болгон соң, силер бакийди (акыретти) тандагыла, фанийди (дүнүйөнү) эмес.”

Хашми Сугдий хазреттери устазы Абу Бакр-и Варрак рахматуллахи алейхтен риваят кылып айтты: "Көп уктоо, көп жеш жана көп сүйлөө көңүлдү катаалдаштырат.”


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш