Ислам дини » Терминдер » Радыяллаху таала анха




Радыяллаху таала анха


Аял сахабалардын бирөөсүнүн аты аталганда же жазылганда айтылуучу "Аллаху таала ага ыраазы болсун”деген маанидеги дуба, урмат-сый билдирген сөз. Эки аял сахаба үчүн "Радыяллаху таала анхума” жана экиден көп болсо "Радыяллаху анхунна” болот.

Аялдар Бейиште дүнүйөдөгүдөй майрам күндөрү сыяктуу жылда бир нече жолу Аллаху тааланы көрүшөт. Момундардын кемел (толук, үстөм) болгондору күндө эртең менен жана кечинде, башкалары болсо Жума күндөрү Аллаху тааланы биз түшүнө албаган бир абалда көрүшөт. Момун аялдар, периштелер жана жиндер дагы ушул сүйүнчүгө ээ болушат. Фатимат-уз Захра, Хадичат-ул Күбра, Аиша-и Сыддыка жана башка азваж-и тахират (Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын касиеттүү жубайлары), Хазрети Марям, Хазрети Аиша (радыяллаху таала анхунна ажмаин) сыяктуу кемел (үстөм) жана ариф аялдардын башка аялдардан өзгөчө деп билинүүсү ылайык болот. (Абдулхак-ы Дехлеви)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш