"О, Раббибиз, Сага хамд (мактоо) болсун” деген
мааниде намазда рукудан турганда окуу сүннөт болгон сөз.
Пайгамбарыбыз алейхиссалам жамаат менен намаз окуп
жатканда "Самиаллаху лиман хамидах”, башкача айтканда, "Аллаху таала Өзүнө хамд
айткандын хамдин угат, кабыл кылат” дегенде, биринчи сапта турган Хазрети
Муавия "Раббана лакал хамд” дечү. Минтип айтуусу такдир жана тахсин (жакшы) деп
билдирилип, ушундай айтуу Кыяматка чейин сүннөт болуп калды.”(Ибни
Абидин, Хиндийя)
Жамаат менен намазда имам: "Самиаллаху лиман
хамидах” дегенде, жамаат өтө акырын үн менен "Раббана лакал хамд” деп айтат.
Имам муну айтпайт.(Халеби)