Аллаху тааланын ыйык ысымы аталганда, угулганда же
жазылганда "Улуу жана кемчилик сыпаттардан муназзах (аруу, узак)” деген мааниде
сый-урматты билдирүүчү сөз.
Аллаху таала ва такаддас хазреттерине мактоолор
болсун. Ал тандаган кулдарына салам болсун. Сүйүктүү балам! Убакыт табылгыс
казынадай. Башкача айтканда, өтө кыска жана баа жеткис. Бул баа жеткис
убакыттарды пайдасыз нерселерге коротуп салбаш керек. Аллаху таала ва такаддас
хазреттери ыраазы болгон, жактырган нерселерди орундоо менен өткөрүү керек. Беш
маал намазды, дүнүйө иштерин ойлобостон жана жамаат менен окуу керек. Тадили
эрканга (шарттарына) ылайык окууга маани берүү керек. Тахажжуд намазын колдон
чыгарып албоо керек. Эрте саарда истигфар (тообо) кылуу керек. Гафлаттан,
напсиге баш ийүүдөн лаззат албаш керек. Дүнүйөнүн өткүнчү лаззаттарына алданып
калбоо керек. Өлүмдү эстөө керек, акыреттин коркунучтары жана оордуктарын көз
алдына келтирүү керек. (Имам Раббани)