Абид


Ибадат кылуучу. Парз жана вахибдерди орундагандан кийин түрдүү напил жана орундалуусу сооп болгон иштерди уланткан адам. Көптүк түрү – уббаб.

Курани каримде "Тауба” сүрөсүнүн 112-ыйык аятынын маанисинде айтылат:

"Тообо кылуучулар, абиддер, шүгүр кылуучулар (казат жана илим үйрөнүү үчүн) саякат кылгандар, руку, сажда кылуучулар, жакшылыкка буюруп жана жамандыктан кайтаруучулар жана Аллаху тааланын чегараларын сактоочулар (бар эмеспи? Мына ушулар да Бейиштиктер. Хабибим) Сен ал момундарга дагы Бейиштен кушкабар бер!”

"Аллаху таала арам кылган (тыюу салган) нерселерден сактансаң адамдардын эң абиди болосуң.” (Хадиси шариф, Мифтах-ун-нажат)

"Абиддин эң чоң максаты - акырет сообуна жетүү. Абид ибадаттардан ушунчалык зоок алат; ибадаттан кичине болсо да оолак болуп калса ал үчүн эң чоң азап болот. Жада калса, абиддердин бири: "Өлүмдөн корпоймун, бирок, ибадатыма тоскоол болот деп коркомун”, - деген. Башка бирөө болсо: "Аллахым мазарымда да мага ибадат кылууга мүмкүнчүлүк ихсан кыла көр!” – деп дуба кылган экен.” (Имам Газали)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш