Ислам дини » Терминдер » Аятал күрси




Аятал күрси


Курани каримде Бакара сүрөсүнүн пазилети менен белгилүү болгон 255-ыйык аяты.

Курани каримдеги аяттардын эң үстөмү Бакара сүрөсүндө болгон Аят-ал-күрси.

"Бул аят бир үйдө окулган кезде шайтан сөзсүз ал жерден алыстайт.” (Хадиси шариф, Тирмизи)

"Парз намаздардан кийин Аят-ал-күрси окуган адам менен Бейиштин арасында өлүмдөн башка тоскоолдук жок.” (Хадиси шариф, Рух-ул-Баян)

"Үйүңөн чыгып баратып Аят-ал-күрсини оку. Себеби, бардык иштериңде ийгиликтүү болосуң жана пайдалуу иштерди кылуу насип болот. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) айтат: "Бир адам үйүнөн чыгып баратып Аят-ал-күрсини окуса, Аллаху таала жетимиш периштеге буюрат, ал адам үйүнө кайтып келгенге чейин ага дуба жана истигфар кылышат. (Аллаху тааладан күнөөсүнүн кечирилүүсүн тилешет.)” Үйүңө кайтып келгениңде да окусаң эки Аят-ал-күрсинин арасындагы иштериң кайырлуу болот жана кедейликтин алдын алган болосуң.” (Сулайман бин Жаза)

"Намаздардан кийин дароо Аят-ал-күрси окуу зарыл болсо да, алгач салатан түнжинаны жана башка дубаларды окуу бидат, адашуучулук. Буларды Аят-ал-күрсиден жана таспихтерден кийин окуу керек.” (Али Махфуз)

  "Фатиха, Аят-ал-күрси, Кафирун, Ихлас жана Муаввизатайн сүрөлөрүн окуу оорулууга шыпаа берет.” (Мухаммед Осман Дехлеви)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш