Ажылык же
Умра ниети менен барган мусулмандардын Микат делген аймакта ниет кылып,
пештемал сыяктуу тигүүсү жок эки бөлүк жамынуучу кездемени кийүү менен, мурда өзүнө мубах (эркин) болгон
кээ бир нерселерди өзүнө харам кылуусу, б.а., буларды кылуудан сактануусу.
Ихрам кийимин кийген киши мухрим деп аталат. Ихрам кийиминин белден төмөн
оролгон бөлүгү изар, ийиндерге ташталган бөлүгү болсо рида деп аталат. Аялдар
ихрам кийбестен мастура (жабылган) абалда ажылык жана умра ибадатын орундашат.