Ажылык
жана Умра ибадаты үчүн Мекке-и мукаррамага барган адамдын Масжид-и Харам (Кааба
жана короосу) жакынындагы Сафа жана Марва чокулары арасында усулуна карай
Сафадан баштап Марвага жана Марвадан Сафага жети жолу барып келүү. Сай – төрт
барыш жана үч келиштен турган ибадат.
Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
Багымдат убактысы: Багымдат намазынын алгачкы убактысы имсак (фажр-и садык) убактысы. Ислам астроному Ариф бек: “Фажр-и садык, таңда күндүн нуру горизонттун үстүнө жайылган убакытта баштала тургандыгы жана бул убакыт бийиктиги -18 градус жада калса -16 градус экендигин билдирген заиф (алсыз) кавлдар (сөздөр, кабарлар) бар”, - деп билдирген. Ошондуктан, багымдат намазын биздин сайтта жазылган имсак убактысынан Бишкек шаары үчүн кыш айларында 16 мүнөт, жай айларында 23 мүнөт кечиктирип окуу этияттуу болот.
Күн: Бул багымдат намазынын акыркы убактысы. Күндү алдынкы (үстүнкү) четинин ал убакыттагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынан чыккан убактысы.
Бешим убактысы: Көлөкө кыскарып кайра узарып баштаган маалдан башталат. Бешим намазынын убактысы аср-ы аввалга чейин, б.а., ар нерсенин көлөкөсү чыныгы завал убактындагы узундугунан өзүнүн боюнчалык узарганга чейин же аср-ы саниге чейин, б.а., ар нерсенин көлөкөсү чыныгы завал убактысындагы узундугунан жана өз боюнан эки эсе узарганга чейин уланат. Биринчиси эки имам жана калган үч мазхабдын өкүмү боюнча, ал эми экинчиси болсо Имам Азамдын өкүмү боюнча.
Аср (дигер) убактысы: Аср – аср-ы аввал деп да аталат. Эки имамдын (Имам Абу Юсуф жана Имам Мухаммеддин) өкүмү боюнча асрдын башталган убактысы болуп саналат. Калган үч мазхабдын өкүмү да ушундай. Бир нерсенин көлөкөсү завалдагы узундугунан ошол эле нерсенин боюнчалык узарганда баштала турган убакыт.
убактысы: Күн баткандан кийин башталып шафак карайганга чейин, б.а., күндүн кызгылты жок болгонго чейин улана турган убакыт.
Куптан убактысы: Куптан – бул ишаа деген сөз. Ишаа-и аввал - бул куптандын алгачкы убактысы болуп эсептелет. Батыштагы сырткы (көрүнгөн) горизонт сызыгынын үстүндө күндүн кызгылт түсүнүн жоголуусу менен башталган убакыт. Б.а., күндүн устүнкү четинин сырткы горизонт сызыгынан 17 градус төмөнгө түшкөн убакыт. Куптан намазыны убактысы эки имамдын (Имам Абу Юсуф жана Имам Мухаммеддин) өкүмү боюнча ишаа-и аввал убагында башталат. Калган үч мазхабда да ушундай. (биздин сайтта дал ушул убакыттар берилген)
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.