Ажылык жана Умра үчүн
келгендердин ихрам кийимин кийе турчу белгилүү бир жер. Микаттар мына булар:
Зулхулайфа, Зат-ы ирк, Жухфа, Карн (Карен) жана Йаламлам. Мединалыктар
Зулхулайфадан, Багдат-Басранын эли Зат-ы ирктен, Шамдын эли Жухфадан жана Нажид
эли Каренден, Йемен эли Йаламламдан ихрамга киришет. (М.Зихни Мырза)
Бир киши ихрамсыз
микатты өткөндөн кийин ихрамга кирсе тыюу болгон нерсени кылгандыгы үчүн бир
курмандык керек болот. (М.Мавкуфати)