Ажылык учурунда сай
кылып жатканда Сафадан Марвага жана Марвадан Сафага ар бир келиш жана таваф
кылып жатканда Каабанын Хажар-ул асвад бурчунан башталган жана башталган жерге
келгенде аяктаган ар бир айлануу.
Шавт аяктап Хажар-ул
асвад ташына келгенде мына бул дуба окулат: Аллахым! Рахматың менен мени
магфират кыл. Карыздан, жокчулуктан, кыйынчылыктан жана кабыр азабынан бул
таштын Раббине сыйынамын. (Имам Газали)
Таваф жети шавттан
турат. Сай дагы жети шавт. Сафадан Марвага ар барыш бир шавт болгондой эле
Марвадан Сафага ар келиш дагы бир шавт. Ушундайча төрт барыш жана үч келиш
болот. (М.Зихни Мырза)