Каффарат


Күнөөдөн кутулуу, бир мажбурлук астында же жаңылыштык менен же атайын кылынган бир күнөөнү кечиртүү үчүн динибиз буйрук кылган иштерди кылуу.

«Чоң күнөөлөрдөн сактануу шарты менен беш убакыт намаз жана Жумалар – араларындагы кичине күнөөлөргөн каффарат.» (Хадиси шариф, Ихйа-у Улумид-дин)

«Күнөөлөрүн каффараты – өкүнүү.» (Хадиси шариф, Ихйа-у Улумид-дин)

Намаз каффараты: Окулбай казага калган намаздары бар адамдын жана буларды има менен дагы окуусу мүмкүн болуп туруп окубастан өлгөн адамдын окубаган намаздары үчүн берилген каффарат. (Искат жана Давр темасын караңыз.)

Орозо каффараты: Рамазан шарифте түндө орозого ниет кылгандан кийин билип туруп орозону бузуунун ордуна жаза катары бир кул азат кылуу же арты артынан алтымыш күн орозо кармоо.

Орозодо каффарат жазасы – мубарек Рамазан айына урмат, намыс пардасын жыртуунун каршылыгы. (Сеййид Абдулхаким Арваси)

Орозо каффараты бар адам бир кул азат кылат. Кул азат кыла албаган адам арты артына алтымыш күн орозо кармайт. Каффарат орозосу оору, жолчулук сыяктуу бир үзүр менен же айт күндөрүнө туш келүү себеби менен бузулса же Рамазанга туш келсе, жаңыдан алтымыш күн орозо кармоо керек болот. Айт күндөрү бузбаса да кайра жаңыдан баштоосу керек болот. Аял хайз жана нифас себеби менен бузса жаңыдан баштабайт. Тазаланганда калган күндөрдү кармап алтымыша толуктайт.

Күндө ооруган же өтө кары болуп, алтымыш күн каффарат орозосун кармай албай турган болсо, алтымыш кедейди бир күн эртең менен жана кечинде кылып эки жолу курсактарын тойгузат же бир кедейди эртең менен жана кечинде алтымыш күн тойгузат. (Тахтави, Мехмед Зихни)

Йемин (ант) каффараты: Бир ишти кылуу же кылбоо үчүн Аллаху тааланын атын айтып ант берген адам антын бузганда жаза катары кылуусу керек болгон нерсе.

Курани каримде мындай мааниде буюрулган:

«Аллаху таала атайысыз оозуңардан чыгып кеткен анттарыңардан улам силерди жоопкер кылбайт. Бирок, билип кылган анттарыңардан улам силерди жооптуу кылат. Мунун каффараты – үй-бүлөңүзгө жедирген тамактын орто абалдуусунан он кедейге жедирүү же аларды кийинтүү же бир кул азат кылуу. Буларды таба албаган адам үч күн орозо кармоосу керек. Ант кылганыңарда анттарыңардын каффараты мына ушул. Антыңарды коргогула (аларга маани бергиле)...» (Маида сүрөсү: 89)

Зыхар каффараты: Бир эркектин өз аялын же анын жүз, баш, аврат жери сыяктуу бир дене мүчөсүн өзүнө никелөөсү түбөлүк харам болгон бир аялга же анын каралуусу харам болгон жерине окшотуусу, такгыраак айтканда, «Сен апам сыяктуусуң» же «Сенин аркаң апамдын аркасы сыяктуу» деп айтуусунун кечирилүүсү жана аны менен кайра байланыш кура алуусу үчүн болгон чара.

Аялына «Сенин башың апамдын аркасы сыяктуу» деп айткан бир эркектин каффарат бермейин аялын кучактоосу, өбүүсү, жима кылуусу (жыныстык жакындоосу) харам болот. Зыхар каффараты орозо каффараты сыяктуу. Тагыраагы, бир кул азат кылат, муну кыла албаса арты артынан алтымыш күн орозо кармайт. (Ибни Нужайм)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш