Ислам дини » Терминдер » Жибрил хадиси




Жибрил хадиси


Пайгамбарыбыз алейхиссалам сахабалары (достору) менен отурганда Жабраил алейхиссаламдын адамдын келбетинде келип, Ислам, ыйман жана ихсан тууралуу Расулуллах алейхиссаламдын берген жоопторун билдирген хадиси шариф.

Жибрил хадисинде ошол улуу зат (Жабраил алейхиссалам) колдорун Расули акрамдын куттуу тизелерине койду жана Расулуллахка: "Йа, Расулаллах! Мага Ислам дини, мусулманчылыкты түшүндүрүп берсең”, - деди. Расули акрам: "Исламдын шарттары: Калима-и шахадат айтуу, убагы киргенде намаз окуу, мал-мүлкүнүн зекетин берүү, Рамазани шариф айында күндө орозо кармоо жана күчү жеткендин өмүрүндө бир жолу ажыга баруусу”, - деп айтты.

Ыймандын шарттарын сураганда: "Аллаху таалага ишенүү, Анын периштелерине ишенүү, түшүргөн китептерине ишенүү, пайгамбарларына ишенүү, акырет күнүнө ишенүү, тагдырга, жакшылык менен жамандыктын Аллаху тааладан экенине ишенүү”, - деп жооп берди.

"Исхан эмне?” – деп сураганда болсо, "Аллаху тааланы көрүп тургандай ибадат кылууң. Сен Аны көрбөй жаткан болсоң да, Ал сени көрөт”, - деп буюрду. (Хадиси шариф-Муслим)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш