Пайдалуу жана заяндуу нерселерди бири-биринен
ажырата алган жана нике курагына жетип, гусул даарат ала баштаган акылдуу адам.
Акыл балиг
болгондон кийин адам жетим деп эсептелбейт. (Хадиси-шариф-Рамуз-ул-Ахадис)
Акылдуу жана
балиг болгон эркектин жана аялдын алгачкы милдети – Ахли сүннөт аалымдары
жазган ишенүү керек болгон нерселерди үйрөнүү жана ошого ылайык ишенүү.
Кыяматта, башкача айтканда, өлгөндөн кийин Тозок азабынан кутулуу алар
билдирген нерселерге ишенүүдөн көз каранды. (Имам Раббани)
Ар бир
мусулман баласына амантуну (ыймандын алты шартын) жаттатууга, анын маанисин,
парздарды (буйруктарды) жана арамдарды (тыюуларды) үйрөтүүгө тийиш. Акыл балиг
болгондо ыйманды, Исламды билбеген адам мусулман боло албайт. (Ибн-и Абидин)
Ар бир акыл
балиг мусулманга күндө беш убак намаз окуу парз. Кыз жана эркек бала жети жашка
толгондо аларга намаз окууну буюруу велисине важиб (зарыл) болот. Ошондой эле
орозо кармоону буюрат. Он жашка чыкканда намаз окушпаса ал үчүн алакан колу
менен жеңил урулат. Муштум менен, таяк менен урууга болбойт. Кол менен үч
жолудан ашык урууга болбойт. Велисинен башка эч ким урбайт. (Ибн-и Абидин, Абу
Бакр Рази ал-Жессас)