Маарифат


Билүү, таануу, көңүл аркылуу билүү. Аллаху тааланын сыпаттарын жана ысымдарын чындап билүү, таануу. Маарифатуллах.

Маарифатын акыйкаты – Аллаху тааланы чын жүрөктөн сүйүү, тил аркылуу эстөө. Андан башка бардык нерседен үмүтүн үзүү. (Ахмед бин Хадравейх)

Маарифат ээси дүнүйөнү баалабайт; напсиге таандык ойлору токтойт, жок болот. Маарифаттын белгилеринин бири – маарифат ээсинде Аллаху таала тарабынан бир айбаттуулуктун пайда болушу. Маарифаты арткан адамдын айбаттуулугу да артат. (Сеййид Абдулхаким Арваси)

Маарифат – ар кандай жагдайда пенденин өзүн Аллаху таала берген нематтарга шүгүр кылууда чабал экенин, жаш жана күч-кубатка толуп турган кезде алсыз экенин билүүсү аркылуу колго тийет. (Абу Хасан бин Саи)

Маарифат жана Аллаху таалага жакын болуу абалы парздарды аткаруу жана суннати саниййага моюн сунуу аркылуу колго тийет. (Абул-Касым Насрабади)

Адамдын кадыры ыйман жана маарифаты менен. Мал-дүнүйө жана мансабы менен эмес. (Мухаммед Масум)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш