Бир васытанын, башкача
айтканда, жетилген бир олуянын жол көрсөтүүсү зарыл болгон, адамды Аллаху
таалага жеткирген олуялык жолу.
Вилаят жолу аркылуу
васыл болгондордун (жеткендердин) жол башчысы, эң үстөмү жана башкаларга васыта
болгон зат – Хазрети Али Муртаза. Бул жолдон келген пейздердин булагы ал. (Имам
Раббани)
Бардык пайгамбарлардын
сахабаларынын баарынын напсилери мутмаинна болгон, тагыраагы, ыйман келтирген.
Мындай напсинин ыйман келтирүүсү же тасаввуф же вилаят жолунда илгерилеген адамдарга
же бардык сүннөттөргө жармашып, бардык бидаттардан сактангандарга насип болот.
(Фудайл ибн Дуккин)