Сукбат


Биргелик. Адамдын даражасы өзүнөн жогору же төмөн болушу же теңтуштары менен жолугуп, Аллаху таала жана Пайгамбарыбыз алейхиссалам жактырган жана ыраазы болгон нерселер жөнүндө сүйлөшүү, баарлашуу.

Адамдын өзүнөн жогору турган менен бирге болушунун акыйкаты – ал затка кызмат кылуу. Өзүнөн төмөн адам менен сукбаттын зарылчылыгы – анын абалдарынан бир кемчилик көргөндө аны эскертүү жана анын катасын билдирүү. Бир деңгээлдеги сукбат досторунун сукбаттарынын акыйкаты – башкалардын, чоочун адамдардын көзүнчө бири-биринин кемчиликтерин көрмөксөнгө салуу. (Сеййид Абдулхаким Арваси)

Жүрөгүңдө кандайдыр бир катууланууну көргөндө салихтер менен сукбат кыл, алар менен бирге бол, жегенди азайт, напсиңдин каалоолорун аткарба жана аны кыйынчылыктарга көндүр. (Ахмед бин Абул-Хавари)

Сукбат – дүнүйөлүк байланууларды үзөт жана чыныгы ыйманга ээ кылат. (Сыбгатуллах Арваси)

Кутман сахабалар Расулуллахтын биринчи сукбатында эле ушундай нерселерге жетишкен болуп, үммөт ичиндеги олуялардын аларга эң аягында жеткендиктери белгилүү. Ушул себептен, Табииндердин (кутман сахабаларды көргөндөрдүн) эң улуусу болгон Вейсел Карани Хазрети Хамзаны шейит кылган кылган Вахшинин Расулуллахтын бир эле сукбатына катышуу аркылуу көтөрүлгөн даражасына көтөрүлө алган эмес. Анткени, сукбаттын пазилети бардык пазилеттерден жана кемалдардан жогору турат. (Имам Раббани)

Сукбатты олжо деп билүү керек. Сукбаттын артыкчылыгы бардык артыкчылыктардан жана кемалдардан жогору турат. (Имам Раббани)

Эгер бир адам аалымдардын сукбатына катышса, бирок, аларды урматтабаса, алардагы пейз жана берекелерден куру калат. Алардагы нурлар анда эч качан пайда болбойт, көрүнбөйт. (Абу Али Сакафи)

Адамдардын эң жаман ахлактуусу – дос-душманын айырмалабаган жана сукбат элинен алыс жашагандар. (Мухаммед бин Галиб)

Накыс болгондордун, тагыраагы, тасаввуфта жетилбегендердин сукбаты өлтүрүүчү уу. (Имам Раббани)

 

Олуянын сукбаты колго тие тургандай эмес,

Сукбатка жеткендер куру кала тургандай эмес.

Сукбат, көңүл тазартат, ага суктанат көктөр,

Адамды ариф кылган таажы менен чепкени эмес. (М. Сыддык Гүмүш)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш