Ислам дини » Терминдер » Нафс-и мутмаинна




Нафс-и мутмаинна


Ыйман келтирген напси. Аллаху тааланы эстөө менен тынчтык тапкан, Ислам дининин буйруктарын аткаруу өзүнө кыйын, оор сезилбеген напси.

Аллаху таала Курани каримде мындай деген мааниде буюрду: "Эй, мутмаинна болгон напси! Ыраазы болгон жана ыраазы кылынган абалда Раббиңе кайт. Тандалган пенделериме кошул жана Бейишиме кир.” (Фажр сүрөсү, 27-30)

Аллахым! Сага жетүүгө ыйман келтирген, тагдырыңа ыраазы болгон жана бергениңе канаат кылган нафс-и мутмаинна тилеймин. (Хадиси шариф-Насаих-ул- Ибад)

Нафс-и мутмаиннага жеткен адам сабырдуу болот. Жумшак мүнөз жана күлөр жүздүү болот. Айыптарды жаап, кемчиликтерди кечирет. Аллаху таалага толугу менен моюн сунган. Көп ибадат кылат. Жоомарт болот. Ислам дининин буйруктарынан бир карыш да алыстабайт. (Эрзурумдук Ибрахимдин Хаккы)

Качан бир пенде вилаятка жетип, олуя болгондо нафс-и аммарасы нафс-и мутмаинна болуп, күфүрдөн жана инкарчылыктар (четке кагуучулуктан) кутулуп, Раббине ыраазы болот. Рабби да ага ыраазы болот. Жаратылышында бар болгон жамандык, азгындык жок болот. (Имам Раббани)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш