Зындык


Эч бир динде болбосо дагы, Аллаху таалага ишенбесе дагы, мусулман көрүнүп, мусулмандыкты өзгөртүүгө, ыйманды бузууга, динсиздикти мусулмандык деп жайылтууга жана Ислам динин ичинен жыгууга аракет кылуучу митайым Ислам душманы, ашынган капыр, мунафык. Кадиянилер менен Бахаилер ушундай.

Зындык Аллаху таалага жана Мухаммед алейхиссаламдын пайгамбар экенине ишенерин, Куран жана хадистерге баш ийерин айтат. Бирок, Курани карим жана хадиси шарифтерди өзүнүн жахил акылына жана кыска көз карашына карап чечмелейт. Бул жаңылыш түшүнүктөрүн жана бузуку ойлорун мусулмандык деп жазууга аракет кылат. Ахли сүннөт аалымдарынын туура сөздөрүн жактырбайт. Ислам аалымдарын жахил деп атайт. Өздөрүн мужтахид, агартуучу дин адамдары деп тааныштырышат. (Ибн-и Абидин, Абдулхаким Арваси)

Фикхты үйрөнбөй туруп тасаввуф менен алектенген адам динден чыгып, зындык болот. Фикхты үйрөнүп, тасаввуфтан кабары жок адам бидатчы, башкача айтканда, адашат. Экөөнө тең ээ болгон адам акыйкатка жетет. (Имам Малик)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш