Ахлак жана
жүрөк (көңүл) илими. Жүрөктү жаман мүнөздөрдөн тазартып, жакшы мүнөздөргө
толтуруу. Жүрөктөгү ыймандын вижданилешүүсү, башкача айтканда, Ахли сүннөт
итикадынын жүрөктө бекемделиши, күмөн келтирүүчү таасирлерге кабылбашы, нафси
аммарадан келип чыккан жалкоолук, кыйынчылыктар жоюлуп, ибадаттарда жеңилдик
жана лаззат пайда болушу. Аллаху таала менен бирге болуу, жакшы ахлакка ээ
болуу жана диндин буйруктарына баш ийүү.
Тасаввуф
улууларынын бардыгы Ахли сүннөт итикадында болушкан. Бидат ээлеринин эч кимиси
Аллаху тааланын маарифатына жакындай алган эмес. Олуялык нурлары алардын
жүрөктөрүнө кирген эмес. (Абдуллах Дехлеви)
Тасаввуф
элинин үч сапаты (касиети, белгиси) бар. Топурак сыяктуу, жакшыга да, жаманга
да берет. Булут сыяктуу, баарына көлөкө түшүрөт. Жамгыр сыяктуу, сүйүлгөн
адамды да, сүйүлбөгөн адамды да сугарат. (Харкуши Абдулмалик бин Мухаммед)
Тасаввуф – бул
абал, сөз эмес, сөз менен колго тийбейт. (Сеййид Абдулкадир Гейлани)
Тасаввуф –
Расулуллах алейхиссаламдын суннати саниййасына моюн сунуу, ашыкча сүйлөөнү,
ашыкча жешти жана ашыкча уйкуна таштоо. (Алауддавла Самнани)
Тасаввуф –
адамды Аллаху тааладан алыстаткан нерселердин баарын таштоо. (Али бин Сехл)
Адамга зарыл
болгон нерсе – алгач Ахли сүннөткө ылайык ыйман келтирүү, андан соң шариятка
(диндин буйруктарына жана тыюуларына) амал кылуу, андан соң тасаввуф жолунда
көтөрүлүү. (Мухаммед Баки-биллах)
Ушул убакка
чейин жети жүз олуя тасаввуфту сүрөттөөдө түрдүү сөздөрдү айтышкан. Бул
сөздөрдүн маңызын ушул жерден кыскача айтсак болот: Тасаввуф – убакытты эң
баалуу нерсеге коротуу. (Абу Саид Абул-Хайр)