Ислам дини » Терминдер » Муса алейхиссалам




Муса алейхиссалам


Исраил уулдарына жиберилген пайгамбарлардан. Улул-азм деп аталган алты улуу пайгамбардын бири. Якуб алейхиссаламдын тегинен, Имран аттуу бир заттын уулу. Харун алейхиссаламдын бир тууганы.

 Аллаху таала Курани каримде мындай деген мааниде буюрду:

"Муса (алейхиссалам) аларга Кудай экенибизге далил болгон жышаандар, ачык мужизалар менен келди. Алар: "Мужиза катары көрсөтүлгөн бул нерсе ойдон чыгарылган, сыйкырдан башка нерсе эмес. Биз бул сыйкырды же пайгамбарлык деген сөздү оболку ата-бабаларыбыздан уккан эмеспиз”, - дешти. Муса (алейхиссалам): "Аллаху таала тарабынан кимдин хидаят (пайгамбарлык) менен келгенин жана жакшы акыбеттин (Бейиштин) кимге насип боло турганын Раббим өтө жакшы билет. Заалымдар эч качан фалах (кутулуу) табышпайт.”  (Касас сүрөсү, 36-37)

Бир күнү Муса алейхиссалам жолдо бара жатканда Аллаху таала ага нида кылып: "Эй, Муса! Мен өзүнөн башка кудай болбогон Раббиң Аллахмын”, - деди. Муса алейхиссалам; "Угуп жатам йа, Раббим! Буйругуңа даярмын”, - деп саждага жыгылды. Аллаху таала: "Башыңды көтөр эй, Муса!” - деди. Муса алейхиссалам башын көтөрдү. Аллаху таала: "Эй, Муса! Эгер Арштын көлөкөсүндө болууну кааласаң жетимдерге мээримдүү ата сыяктуу, жесир аялга болсо аны коргогон жана караган күйөөсү сыяктуу бол. Эй, Муса ырайымдуу бол. Эгер ушундай болсоң сага да ырайым кылынат. Эгер жазаласаң, жазаланасың”, - деп буюрду. (Саълеби)

Муса бин Имран (алейхиссалам): "Йа, Раббим! Пенделериңдин эң кадырлуусу ким?” – деп сураганда: "Күчү жетип турса дагы кечирген (мусулман адам)”, - деп жооп берди. (Хадиси шариф-Байхаки)

Юсуф алейхиссаламдан кийин Мысырга отурукташкан жана көбөйгөн Исраил уулдары Мысырдын жергиликтүү эли болгон кыбтилерден жана алардын өкүмдары Фираундан зулумдук жана акаарат көрүштү. Алар Исраил уулдарынын туулган эркек балдарын өлтүрүштү. Бул убакта төрөлгөн Муса алейхиссаламды энеси Аллаху тааланын буйругу менен бешикке салып, Нил дарыясына калтырды. Бешик Фираундун сарайынын алдынан өтүп баратканда аны Фираундун аялы Асия Хатун алып чоңойтту. Муса алейхиссалам кырк жашка толгондо Исраил уулдарынын жанына барды. Бир күнү ал мысырдык бир кыптинин Исраил уулдарынын бирин кыйнап жатканын көрдү. Куткаруу учурунда кыпти кокусунан өлүп калды. Муса алейхиссалам Фираун жана кыптилерден тартынып, Мадиян шаарына барды. Ал жерде Шуайб алейхиссаламдын кызына үйлөндү. Шуайб алейхиссаламга он жыл кызмат кылгандан кийин Мысырга кайтып баратканда Тур тоосунда Аллаху таала менен сүйлөштү жана пайгамбарлыкка дайындалды. Мысырга келип, Фираунду динге чакырды. Мужизаларды көрсөткөнүнө карабастан Фираун менен кыптилер ага ишенишпеди. Муса алейхиссалам Исраил уулдарына боштондук берилүүсүн сурады. Фираун кабыл алган жок. Капырлардын суусу канга айланды, бака жаады, тери оорулары жана үч күн караңгы болду. Фираун бул мужизаларды көргөндө коркуп, Исраил уулдарына уруксат берди. Муса алейхиссалам Исраил уулдары менен чогуу Мысырдан чыгып, Кудусту көздөй бара жатканда, Фираун өкүнүп, аскери менен алардын изине түштү. Кызыл деңизден он эки жол ачылып, Муса алейхиссалам жана жанындагы Исраил уулдары каршы тарапка өтүштү. Фираун өтүп жатканда деңиз жабылды. Фираун аскерлери менен деңизге чөктү. Кызыл деңизден өтүп, Тих чөлүнө келишкен учурда Муса алейхиссалам иниси Харун алейхиссаламды өкүл катары калтырып, өзү Тур тоосуна кетти. Ал жерде кырк күн ибадат кылды. Аллаху тааланын сөзүн укту жана ага Тоорат китеби түшүрүлдү. Муса алейхиссалам Тур тоосунда турганда Исраил уулдары Самири аттуу ишенбеген болсо да ишенген болуп көрүнгөн бир мунафыктын сөздөрүнө алданып, Харун алейхиссаламга кулак салбай, алтын музоо айкелине сыйынышты. Муса алейхиссалам Турдан келип, бул абалды көргөндө таарынды. Ал Самириге наалат айтты. Исраил уулдары кылган иштерине өкүнүп, Муса алейхиссаламга жалбарып, Тоорат боюнча ибадат кыла башташты. Муса алейхиссалам үммөттөрү менен бирге Лут көлүнүн түштүк тарабына өтүштү. Уч бин Унк аттуу бир падышага каршы согушту. Шария дарыясынын чыгыш тарабындагы жерлерди алды. Эриха шаарынын каршысындагы тоого чыкты. Кенан аймагын алыстан көрдү. Бул арада иниси Харун алейхиссалам кайтыш болду. Муса алейхиссалам ордуна Юша алейхиссаламды халифа кылып калтырып, жүз жыйырма жашында кайтыш болду. (Ибн-ул-Эсир, Абдулхак Дехлеви, Нишанжызада, Кисаи, Саълаби)  


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш