Ислам дини » Терминдер » Адам алейхиссалам




Адам алейхиссалам


Курани каримде аты аталган пайгамбарлардан. Жер жүзүндө жаратылган алгачкы адам жана алгачкы пайгамбар, бардык адамдардын атасы.

Аллаху таала Курани каримде мындай деген мааниде буюрду:

Албетте, Исанын мисалы да (башкача айтканда, атасыз дүнүйөгө келиши да) Аллахтын назарында Адамдын мисалы сыяктуу. Аллаху таала аны топурактан жаратты, андан кийин "Бол!” дегенде, ал да (жан кирип) болуп калды. (Ал-и Имран сүрөсү, 59)

Аллаху таала Адамды (алейхиссалам) жер жүзүнүн бардык жеринен алдырган топурактан жаратты. Ошондуктан, урпактарынан өңдөрү кара, ак, кара тору, кызыл болгону сыяктуу, кээ бирлери болсо бул өңдөрдүн арасында. Кээ бирлери жумшак, кээ бирлери катуу, кээ бирлери халис жана таза болду. (Хадиси шариф-Муснади Ахмед бин Ханбал)

Ар кайсы өлкөлөрдөн алынып келинген топурактарды периштелер суу менен ылай кылып, адам келбетине келтиришти. Бул шекил Мекке менен Таифтин ортосунда кырк жыл бою калып,  "салсал” болду. Башкача айтканда, бышкандай кургады. Алгач анын маңдайына Мухаммед алейхиссаламдын нуру коюлду. Андан соң Мухаррам айынын онунчу Жума кунү рух берилди. Ага бардык нерсенин аты жана пайдасы билдирилди. Бою жана жашы так билдирилген эмес. Аллаху тааланын буйругу менен бардык периштелер Адамга сажда кылышты. Иблис текебердик кылып, бул буйрукка баш ийбеди жана сажда кылбады. Адам алейхиссалам кырк жашында Фирдаус деген бейишке алып барылды. Бейиште же андан мурда Меккенин сыртында уктап жатканда сол кабырга сөөгүнөн Хазрети Хавва жаратылды. Аллаху таала аларды бири-бирине никеледи. Тыюу салынган бактан алгач Хавва, кийин Адам алейхиссалам жешкендиктен алар Бейиштен чыгалышыты. Адам алейхиссалам Индия Цейлон аралына, Хавва энебиз болсо Жиддага түшүрүлдү. Адам алейхиссалам эки жүз жыл ыйлап-жалбаргандан кийин тообосу жана дубасы кабыл болуп, ажыга баруусу буйрук кылынды. Арафат өрөөнүндө Хавва менен жолугушту. Каабаны жасады. Жыл сайын ажылык кылды. Арафат өрөөнүндө же башка жерлерде кыяматка чейин келе турган балдары белинен зеррелер абалында чыгарылды. Аллаху таала тарабынан: "Мен силердин Раббиңер эмесминби?” – деп суралды. Баары: "Ооба, Раббибизсиң”, - дешти. Андан соң баары зеррелерге айланып, белине киришти. Андан соң Шамга барышты. Ал жерде балдары болду. Урпактарынан кырк миң кишини көрдү. Миң беш жүз жашында балдарына пайгамбар болду. Балдары түрдүү тилдерде сүйлөштү. Жабраил алейхиссалам ага он эки жолу келди. Орозо, күндө бир убакыт намаз, гусул даараты буйрук кылынды. Ага китеп берилип, физика, химия, медицина, фармацевтика жана математика маалыматтары үйрөтүлдү. Суряни, ибрани жана арап тилдери менен кыштын үстүнө көп китеп жазылды. Бир риваятка ылайык, эки миң жашында Жума күнү кайтыш болду. Хазрети Хавва дагы кырк жылдан кийин кайтыш болду. Мазарларынын Кудуста же Минада Хыф мечитинде же Арафатта экендиги тууралуу риваяттар бар. (Нишанжызада жана Саълаби)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш