Ислам дини » Терминдер » Нух алейхиссалам




Нух алейхиссалам


Курани каримде аты аталган пайгамбарлардан. Пайгамбарлардын улууларынан болгон жана улул-азм деп аталган алты пайгамбарлардын экинчиси. Идрис алейхиссаламдан кийин пайгамбар кылып жиберилген.

Аллаху таала Курани каримде мындай деген мааниде буюрган:

Албетте, биз Нухту (алейхиссалам) коомуна расул (пайгамбар) катары жибердик. (Аъраф, 59)

Биз Нухту (алейхиссалам) коомуна пайгамбар катары жибердик. Ал аларга: "Мен силерди Аллаху тааланын азабы менен коркутуудамын жана азабынан кутулуунун чарасын түшүндүрүп, баяндоодомун. Аллаху тааладан башкасына ибадат кылбагыла. Эгер мага каршы чыга турган болсоңор, бир күнү башыңарга кыйноочу өтө катуу азаптын түшүүсүнөн коркомун. (Худ сүрөсү, 25,26)

Нух (алейхиссалам) "Бисмиллах” жана "Алхамдулиллах” деп айтпай туруп, чоң болобу же кичине болобу, кандайдыр бир ишти кылчу эмес. Ушул себептен Аллаху таала аны "Көп шүгүр кылуучу кул” катары атады. (Хадиси шариф - Табарани, Ибни Жарир)

Идрис алейхиссалам асманга көтөрүлгөндөн кийин эл аз калды. Туура жолдон адашышты. Алар буттарга, башкача айтканда, айкелдерге сыйына башташты. Аллаху таала аларга Нух алейхиссаламды пайгамбар кылып жиберди. Ошондо ал элүү жашта эле. Аларды жылдар бою динге чакырып, буттарга сыйынуудан тыйды жана Аллаху таалага ибадат кылууларын айтты. Ал тургай Нух алейхиссаламга өзүнүн баласы Йам, башкача айтканда, Кенъан да ыйман келтирген жок. Алар Нух алейхиссаламды шылдыңдап, кыйнашты. Нух алейхиссалам аларга баддуба кылды (каргыш айтты). Аллаху таала ага кеме курууну буйрук кылды. Кеме бүткөндөн кийин суу ташкыны болду. Нух алейхиссалам момундар (ишенгендер) менен кемеге түштү. Үч кабаттуу кемеге түшкөндөрдүн саны сексенге жакын киши эле. Нух алейхиссалам кемесине ар бир жаныбардан бир жуптан алды. Баласы Кенъанды да кемеге алуу үчүн чакырды. Бирок, ал: "Мен тоого чыгып кутулам”, - деп, кемеге түшкөн жок. Бир толкун келип баласын алып, чөгүп кетти. Суулар тоолорду ашты. Адамдар жана жаныбарлар кырылды. Алты айдан кийин жамгыр токтоп, суу тартылды. Кеме Ирактагы Жуди тоосуна конду. Нух алейхиссаламга ишенип, кемеге түшкөндөр аман калышты. Кийин адамдар Нух алейхиссаламдын Сам, Хам жана Яфес аттуу үч уулунан тарады (көбөйдү). Ушул себептен Нух алейхиссалам экинчи Адам алейхиссалам деп аталды. Нух алейхиссалам миң жашында көз жумду. (Саълеби, Табери, Нишанжызада)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш