Шарият
ээлери болгон жана жаңы дин алып келген пайгамбарлардын алтоосуна жана эң
улууларына берилген ысым. Булар: Адам, Нух, Ибрахим, Муса, Иса жана Мухаммед
алейхимуссалам. Аллаху тааланын буйрук жана тыюуларын адамдарга
түшүндүрүүдө көп кыйынчылык тарткандыктары жана бул кыйынчылыктарга сабыр
кылгандыктары үчүн аларга ушундай ысым берилген.
Аллаху таала
Курани каримде мындай деген мааниде буюрган:
Пайгамбарлардан улул-азм болгондору сабыр кылган сыяктуу сен дагы сабыр
кыл. Аларга азап берилүүсү үчүн дуба кылууга шашылба. (Ахкаф сүрөсу, 35)
Пайгамбарлардын
алейхимуссалам саны белгисиз. Алардын саны жүз жыйырма төрт миңден ашуун
экендиги белгилүү. Алардын үч жүз он үчү же үч жүз он беши – Расул (элчи).
Алардын алтоосу жогору, улул-азм пайгамбарлар. (Мавлана Халиди Багдади)
Пайгамбарлыктын
макамы төрт даража. Биринчиси – набилер (дин жиберилбеген
пайгамбарлар), экинчиси – расулдар (дин жиберилген пайгамбарлар),
үчүнчүсү – улул-азм пайгамбарлар. Төртүнчү даража – хатем-ул-анбия болуу,
башкача айтканда, акыркы болуп келүү даражасы. Бул эң жогорку даража Мухаммед
алейхиссаламга гана тиешелүү. (Али бин Эмруллах)
Аллаху
таала ар бир миң жылда бир улул-азм пайгамбарын жиберген жана ал адамдардын ага
моюн сунууларын буйрук кылган. Аллаху таала ар бир жүз жылдын башында бул
үммөттүн аалымдарынан бир мужаддид, жаңылоочу жана кубаттандыруучуну тандап
алып, алар аркылуу Исламды жаңыртат. Айрыкча, миң жыл өткөндө мурунку
үммөттөрдө улул-азм бир пайгамбарды жиберип, анын ишин бир набиге калтырбаганы
сыяктуу, бул үммөт үчүн да толук илимдүү бир аалымды, арифти тандайт. Ал зат өткөн
үммөттөрдөгү улул-азм пайгамбарлардын ишин аткарат. (Имам Раббани)