Ислам дини » Терминдер » Ибрахим алейхиссалам




Ибрахим алейхиссалам


Курани каримде аты аталган пайгамбарлардан.

Аллаху таала Курани каримде мындай деген мааниде буюрду:

(Эй, Расулум!) Китепте (Курани каримде) Ибрахим аңгемесин баянда. Анткени, ал сыддык (чынчылдыгы толук) бир пайгамбар эле... (Мариям сүрөсү, 41)

Биз (балагатка жетүүдөн) мурда Ибрахимге таухидге жана буттарга сыйынуудан сактанууга жол таба ала турган руштун бердик.  Биз анын буга татыктуу экенин билчүбүз. (Анбия сүрөсү, 51)

Мен атам (чоң атам) Ибрахимдин дубасымын, агам Исанын сүйүнчүсүмүн жана энемдин түшүмүн. (Хадиси шариф-Муснад-и Ахмед)

Келданилердин мамлекети болгон Бабилдин (Вавилондун) чыгыш тарабында жана Тигр менен Ефрат дарыяларынын арасындагы аймакта туулган. Атасы момун болгон Тарух эле. Азер агасы жана өгөй атасы эле. Буттарга жана жылдыздарга сыйынган Келдани коомуна пайгамбар катары жиберилди. Ага он сухуф китеп берилди. Бул коомдун ошол доордогу өкүмдары болгон жана өзүн кудай деп жарыялаган Намрудду да ыйманга чакырды. Намруд Ибрахим алейхиссаламдын чакырыгын кабыл албайгандай эле, ага жана ишенгендерге зулумдук кылып, кыйноого алды. Ибрахим алейхиссаламды алгач каматты. Андан кийин болсо отко ыргытты. Аллаху таала Халили (досу) болгон Ибрахим алейхиссаламды отко күйгүзбөдү. Ибрахим алейхиссаламдын отко ыргытылышын ибрет менен карап тургандардын бир бөлүгү ыйман келтирди. Ибрахим алейхиссалам Намрудду жана келданилерди соңку жолу дагы ыйманга чакыргандан кийин ага ишенгендер менен чогуу хижрат кылуу үчүн Бабилден чыгып кетти.

Ибрахим алейхиссалам Аллаху тааланын буйругу менен Бабилден Харранга (Урфанын түштүгүндөгү жер) хижрат кылды. Бул жолчулукта бир тууганынын уулу Лут алейхиссалам жана жубайы Сара айым да бар эле. Харранда бир аз калгандан кийин Шамга, андан соң Мысырга барды. Ибрахим алейхиссалам Хазрети Сара жана Хазрети Хажар менен Мысырдан чыгып, Палестинге келди. Баласы болбогондуктан Аллаху тааладан салих бир перзент сурады жана адак кылды. Сарадан балалуу болбогондуктан анын сунушу менен Хазрети Хажарга үйлөндү. Бул никеден Исмаил алейхиссалам төрөлдү. Андан кийин Сара айымдан Исхак алейхиссалам төрөлдү. Аллаху тааланын буйругу менен Ибрахим алейхиссалам Хажар айым менен Исмаил алейхиссаламды ээрчитип, Шамдан чыгып, аларды ошол убакта суусуз, ээн жер болгон Меккеде калтырды. Өзү Шамга кайтып келди. Көргөн түшүнөн кийин уулун курмандыкка чалмакчы болду. Курмандык чалуу алдында турганда Аллаху таала Ибрахим алейхиссаламга түшүнө садакат (чынчылдык) көрсөткөндүгүн билдирип, курмандыкка бир кочкор берди. Байтуллахты (Кааба-и муаззаманы) уулу Исмаил алейхиссалам менен бирге курду. Абу Кубайс тоосунда табылган бейиштин жакуттарынан болгон Хажар-ул-Асвад деп аталган кара ташты Жабраил алейхиссаламдын кабары менен алып, Кааба-и муаззаманын дубалына жайгаштырды. Каабанын дубалын тургузуп жатып, азыр Макам-и Ибрахим деп аталган таштын үстүнө басты. Каабаны куруп бүтүргөндөн кийин Аллаху тааланын буйругу менен уулу Исмаил алейхиссалам жана Меккеге отурукташкан журхум эли менен бирге ажылык ибадатын аткарып, Шамга кайтып келди. Шамга кайтып келгенден кийин жүз жетимиш беш жашында Кудуста көз жумду. Сөөгү Кудустун тегерегиндеги Хабрун шаарчасындагы үңкүргө коюлган. Бул шаарча Аллахтын досу деген маанидеги Халилуррахман деген ат менен белгилүү. Ибрахим алейхиссаламдын дини ханиф дини деп аталат. Ибрахим алейхиссалам сүйүктүү Пайгамбарыбыздан кийинки адамдардын эң үстөмү. (Ибн-ул-Эсир, Табери, Нишанжызада, Ахмед Жавдет Паша, Алтыпармак)

Ибрахим алейхиссалам Расули акрам (саллаллаху алейхи васаллам) үммөтүнөн болууну теменни кылган (самаган, каалаган). (Сеййид Абдулхаким Арваси)

Ибрахим алейхиссалам – Халилуллах (Аллахтын досу). (Имам Раббани)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш