Ислам дини » Терминдер » Иса алейхиссалам




Иса алейхиссалам


Исраил уулдарына жиберилген пайгамбарлардан. Жаңы дин алып келген пайгамбар болуп, ага төрт улуу китептин бири болгон Инжил берилди. Энесинин аты Мариям. Аллаху таала аны атасыз жаратты.

Аллаху таала Курани каримде мындай деген мааниде буюрду:

(Нух жана Ибрахим алейхимассаламдан) кийин алардын артынан пайгамбарларыбызды биринин артынан бирин жибердик. Мариямдын уулу Исаны (алейхиссалам) алардын артынан пайгамбар кылып жибердик. Ага Инжилди бердик. Аны ээрчиген момундардын жүрөгүнө бири-бирине карата мээримдүүлүк жана ырайымдуулук тартууладык. (Хадид сүрөсү, 27)

Бир кезде Мариям уулу Иса (алейхиссалам) мындай деген эле: "Эй, Исраил уулдары! Мен силерге Аллаху тааланын пайгамбарымын. Менден мурдагы Мусага (алейхиссалам) түшкөн Тооратты тастыктоочу жана менден кийин келе турган Ахмед (Мухаммед алейхиссалам) аттуу пайгамбар жөнүндө сүйүнчү кабар айтуучумун.” (Саф сүрөсү, 6)

Аллахка ант болсун, Мариямдын уулу Иса (алайхиссалам) адилеттүү хаким катары (жерге) сөзсүз түшөт, сөзсүз крестти сындырат, чочкону өлтүрөт, жизяны жок кылат, жаш ургаачы төөлөр кароосуз калат, алар изделбейт жана бардык душмандыктар, таарынычтар жана көралбастыктар сөзсүз жок болот. Иса алейхиссалам адамдарды мал-мүлккө чакырат, бирок, мал-мүлктү эч ким кабыл албайт. (Хадиси шариф-Ал-Жамъу Бейн-ас-Сахихайн)

Иса бин Мариям Мухаммедди дининде тастыктаган абалда түшөт. Дажжалды өлтүрөт. Андан кийин Кыямат башталат. (Хадиси шариф-Ахмед бин Ханбал, Беззар, Таберани)

Иса алейхиссалам адам жана пайгамбар эле. Аллаху таала аны атасыз жаратты. Ал Кудустун Бейт-и Лахм шаарчасында төрөлдү. Энеси Хазрети Мариям. Рим императорунун Шамдагы башкаруучусу ал атасыз төрөлгөндүктөн аны жана энесин өлтүрмөкчү болду. Энеси аны Мысырга алып кетти. Хазрети Иса он эки жашка чыкканга чейин Мысырда калышты. Анан кайра Кудуска кайтып келип, Насыра (Назарет) шаарына отурукташышты. Отузга чыкканда Аллаху таала тарабынан Исраил уулдарына пайгамбар болуп жиберилди. Ага төрт улуу китептин бири болгон Инжил берилди. Адамдардын Аллаху таалага ишенүүлөрүн, Анын буйруктарына баш ийип, тыюуларынан сактанууларын жана каршы чыкпоолорун каалады. Исраил уулдары бул чакырыкты кабыл алышкан жок. Иса алейхиссалам болгон күчү менен аракет кылса да, өтө аз киши ишенди. Исраил уулдары ага ишенбегендей эле, чакырыгына каршы чыгышып, күндөн-күнгө кыжырданышты. Иса алейхиссаламдын жумшактыгын көрүп, ишенишпеди. Ал тургай, чектеп ашып, Хазрети Исаны өлтүрүүгө аракет кылышты. Ошондо Хазрети Иса өзүнө ишенгендердин ичинен тандап алган хавари деп аталган он эки кишиден Аллаху таалага ыйман келтирип, ага ибадат кылып, жардам бере тургандыктарына убада алды. Ишенбегендерге мужизаларды көрсөттү.

Яхудилердин бир тобу Иса алейхиссаламга жана энеси Хазрети Мариямга тил тийгизишти. Муну уккан Иса алейхиссалам аларга баддуба кылды (наалат айтты). Аллаху таала бул дубаны кабыл кылып, Хазрети Исага жана энесине тил тийгизгендерди маймылга, чочкого айлантты. Бул абалды көргөн яхудилер окуяны өз ара талкуулашты. Баары Хазрети Исаны өлтүрүүгө келишишти. Хазрети Исаны издей башташты. Иса алейхиссаламдын хаварилеринин бири Яхуда (Иуда) Иса алейхиссаламдын ордун бир нече тыйынга кабарлады. Иса алейхиссаламды камоо үчүн яхудилер менен бирге үйгө киргенде, Аллаху таала Яхуданы Иса алейхиссаламга окшоштуруп койду. Яхудилер аны Иса алейхиссалам деп кармап, крестке кадап өлтүрүштү. Аллаху таала Иса алейхиссаламды асманга көтөрдү. Иса алейхиссалам ал кезде отуз үч жашта эле. Иса алейхиссалам асманга көтөрүлгөндөн кырк жыл өткөндөн кийин римдиктер Кудуска чабуул коюшту. Алар яхудилердин көбүн өлтүрүп, айрымдарын туткунга түшүрүштү. Алар шаарды талап-тоношту, китептерин өрттөштү. Иса алейхиссаламга кылган иштеринин жазасы катары яхудилер кор болушту.

Христиандар Иса алейхиссаламдын крестке кадалып, ошол жерде өлгөнүнө, бирок, кийин кайра тирилип, асманга көтөрүлгөнүнө ишенишет. Мусулмандар болсо Иса алейхиссаламдын крестке кадалбаганына, түз асманга көтөрүлгөнүнө ишенишет. Бул маселе Курани каримдин Ниса сүрөсүнүн 158-аятында маанисинде мындайча айтылат: "Аны асышкан жок, өлтүрүшкөн жок. Тескерисинче, Аллаху таала аны өз даргейине көтөрдү...” (Нишанжызада, Табери, Ибни Нажжар, Харпутлу Исхак Эфенди)

Иса алейхиссалам Кыямат жакындап калганда Шамда Умаййа Жами мечитинин мунарасына түшөт. Мухаммед алейхиссаламдын шариятына ылайык амал кылат. Үйлөнөт жана балалуу болот. Хазрети Махди менен жолугат. Кырк жыл жашагандан кийин Мединада кайтыш болот. Хужра-и Саадатка, тагыраагы, Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын кабыры жайгашкан бөлмөгө коюлат. (Юсуф Набхани жана Ибни Хажар)

Иса алейхиссалам бул үммөттүн имамына уюп, артында намаз окуйт. (Мухаммед Масум)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш