Ислам дини » Терминдер » Замзам кудугу




Замзам кудугу


Кааба-и муаззаманын Хажар-ул асвад бурчунун каршысында жайгашкан, ыйык суу чыккан кудук.

Жер жүзүндөгү кудуктардын эң кайырлуусу (жакшысы) – Замзам суусунун ыйык кудугу. (Хадис-и шариф-Ахбару Мекке)

Аллаху тааланын Исмаил алейхиссаламга бир ихсаны болгон Замзамдын айланасын эң алгач Хазрети Хажар  кум менен курчады. Кийин ал Хазрети Ибрахим тарабынан казылып, кудукка айлантылды. Каралбай калуудан улам убакыттын өтүшү менен замзам кудугу жабылып, белгисиз болуп калды. Расулуллахтын (саллаллаху алейхи васаллам) чоң атасы Абдулмутталиб түшүндөгү сүрөттөлүш боюнча замзам кудугун казып, кайра чыгарды. Анын өзү жана уулдары ажыларга замзам суусун таратышты. Расулуллахтын (саллаллаху алейхи васаллам) доорунда Абдулмутталибдин уулу Аббас (радыяллаху анх) ажыларга суу таратуу милдетин аткарчу. (Аййуб Сабри Паша)

Замзам кудугу Масжид-и харамдын ичиндеги Хажар-и асвад бурчунун каршысында жана бурчтан он төрт жарым метр алыстыкта бир бөлмөдө болуп, бийиктиги 1,9 метр болгон таш билериги бар. Анын диаметри эки жарым метр, тереңдиги отуз метр. Бул бөлмө Стамбулдагы Бейлербейи Жами мечитин салган Биринчи Султан Абдулхамид Хан тарабынан курулган болуп, полу мрамор менен капталган жана дубалдарга карай жантайтылган. Кудуктун оозу бул деңгээлден бир жарым метр бийик. Тарыхтын асыл эстелиги болгон бул көркөм өнөр эмгеги 1963-жылы (х.1383) талкаланды. Замзам кудугунун оозун жана бир нече метр тегерегин жерден бир нече метр төмөн түшүрүштү. (Аййуб Сабри Паша, М. Сыддык Гүмүш)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш