Ислам дини » Терминдер » Хажар-ул Асвад




Хажар-ул Асвад


Кааба-и муаззаманын чыгыш бурчундагы бир жарым метрдей бийиктикте жайгашкан жана Бейиш жакуттарынан болгон жалтырак кара таш.

Ибрахим алейхиссалам уулу Исмаил алейхиссалам менен бирге Каабаны тургузушкан учурда периштелер таш алып келип, Исмаил алейхиссаламга жардам беришти. Кезек Хажар-ул-асвадга келгенде Ибрахим алейхиссалам: "Эй, Исмаил! Жакшы бир таш алып кел. Ал ажыларга белги болсун”, - деди. Исмаил алейхиссалам бир таш алып келди. Ибрахим алейхиссалам: "Мындан да жакшыраак таш алып кел”, - дегенде, Абу Кубайс тоосунан "Жабраил алейхиссалам топондон мага бир ташты аманат кылып тапшырды. Келип, аны ал!” деген бир үндү укту. Ошондо Хажар-ул-асвад ташы Абу Кубайс тоосунан алынып, Каабадагы ордуна жайгаштырылды. (Азраки)

Хазрети Омар Хажар-ул-асвад ташына карата: "Сен эч нерсе кыла албайсың. Бирок, Расулуллахты уюп сени өбүүдөмүн”, - деди. Хазрети Али муну укканда Расулуллахтын "Хажар-ул-асвад Кыямат күнү адамдарга шапаат кылат” дегенин айтты. Хазрети Омар болсо Хазрети Алинин бул сөзүнө ыраазычылык билдирди. (Давуд бин Сулайман)

Тавафты (Каабаны айланууну) Хажар-ул-асваддан баштоо жана ошол жерде аяктоо сүннөт(Зейлаи)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш