Магфират


Жашыруу, жабуу; Аллаху тааланын пенделеринин күнөөлөрүн кечирүүсү.

Аллаху таала аяти карималарда мындай деген мааниде буюрат:

Эй, күнөөсү көп болгон пенделерим! Аллахтын рахматынан үмүтүңөрдү үзбөгүлө. Аллах күнөөлөрдүн бардыгын кечирет. Ал чексиз магфират жана түгөнгүс мээрим ээси. (Зумар сүрөсү, 53)

Раббиңерден магфират суроого жана Бейишке кирүүгө жүгүргүлө. Бул үчүн аракет кылгыла! Бейиш асмандар менен жер шарынчалык. Бейиш Аллаху тааладан корккондор үчүн даярдалды... (Ал-и Имран сүрөсү, 133)

Аллаху таала мындай деди: "Эй, адам баласы! Эгер сен менден үмүт кылсаң, сенин кылган күнөөлөрүңдү кечирем. Эй, адам баласы! Сенин күнөөлөрүң асманды толтургудай даражага жетсе да, менден кечирим сурасаң мен сени кечирем. Эй, адам баласы! Эгер сен мага жер жүзүн толтурган бардык күнөөлөр менен келип, мага эч кандай шерик кошпой алдыма чыга турган болсоң,  мен сени бүт жер жүзүн толтурган магфират менен күтүп алам. (Хадиси шариф-Риязус-Салихин)

Мусулман боордошун кубантуу Аллаху тааланын кечирим жана магфиратына себеп болот. (Хадиси шариф-Китаб-ул-Метжер-ур-Рабих)

Аллаху тааланын кечирим жана магфираты ушунчалык чоңөп), мен күнөөмө чоң деп айтуудан уялам. (Саъди Ширази)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш