Саадат


Бакыт, бактылуулук. Дүнүйөдө жана акыретте бакыт.

Сахабаларым үчүн жакыр болуу саадат. Акыр заманда келе турган үммөтүм үчүн бай болуу саадат. (Хадиси шариф-Рамуз-ул-Ахадис)

Салихтер менен бирге болуу - түбөлүк саадаттын ачкычы. (Жаъфар-и Хулди)

Саадат өмүрү узун жана ибадаты көп болгондуку. (Имам Раббани)

Эки дүнүйөнүн саадатына жетүү жалгыз дүнүйө жана акыреттин мырзасы болгон Мухаммед алейхиссаламга гана моюн сунууга байланыштуу. (Сеййид Абдулхаким Арваси)

Бардык үстөмдүктөр, пайдалуу нерселер Ислам дининин ичинде. Эски диндердин көзгө көрүнгөн-көрүнбөгөн бардык жакшылыктарын Ислам дини өзүндө жыйнаган. Бардык саадаттар, ийгиликтер (ийгиликтердин сыры) анда. Ислам дини жаңылбаган, адашпаган акылдар кабыл ала турган негиздерден жана ахлактан турат. (Абдулхаким Арваси)

Диний маалыматтар - дүнүйөдө жана акыретте хузурга, саадатка ээ кылган маалыматтар. (Сеййид Абдулхаким Арваси)

Бир пенденин Аллаху таала жактырган иштерди оңой кыла алуусу, сүннөткө ылайык кыймылдоосу, салихтерди сүйүүсү, бардык адамдар менен жакшы мамиледе болуусу, Аллахтын ыраазылыгы үчүн адамдарга жакшылык кылуусу, мусулмандарга пайдалуу болуусу жана убакыттарын Аллаху тааланын динине кызмат кылуу менен өткөрүүсү - саадаттын белгилеринен. (Абу Али Журжани)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш