1 – Жан, денеге
жашоо (жандуулук) берүүчү кубат.
Аллаху
таала аяти каримада мындай деген мааниде айтат:
Эй, Мухаммед! Сенден рух жөнүндө сурашат. Мындай
дегин: "Рух – Раббимдин буйругунда (Ал жараткан барлыктардын бири. Бул туулалуу) силерге
аз гана илимден башка нерсе берилген эмес.” (Исра сүрөсү, 85)
Шейиттердин рухтары арш-и илахиде. Каалаган кездеринде Бейиштин өздөрү
тилеген жерлеринен барып, кайра өз макамдарынан кайтып келишет. (Хадиси шариф-Дуррат-ул-Фахира)
Динибиз
рухтун эмне экенин түшүндүрүүгө тыюу салган. Ушул себептен улам Ислам
аалымдарынын көбү рух деген эмне экенин айтуудан сактанышкан. Курани каримден
түшүнүлгөндөй: Рухтун бир гана акыйкаты, анын эмне экендиги жөнүндө сөз кылууга
тыюу салынган. Болбосо, касиеттерин, өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүүгө тыюу салынган
эмес. (Али бин Эмруллах)
Рухтун кандай
экенин динибиз ачык билдирген эмес. Рух зат эмес. Сыпат да эмес. Адам өлгөндөн
кийин руху жок болбойт. Сезет жана түшүнөт. Шакилердин (капырлардын) жана
фасыктардын (ашкере күнөө кылгандардын) рухтары азапта. Саиддердин
(момундардын) жана салихтердин (жакшы адамдардын) рухтары нематтарда жана
лаззаттарда. (Имам Газали)
Адам өлгөндө,
дене чиригенде рух жок болбойт. Өлүү – рухтун денеден бөлүнүүсү дегендик. Рух
денеден бөлүнгөндө заттык эмес ааламга аралашат. (Али бин Эмруллах)
Пайгамбарлар
өлгөндөн кийин дагы пайгамбар. Анткени, пайгамбар болгон жана ыйман ээси бул –
рух. Адам өлгөндө рухунда эч өзгөрүш болбойт. Адам дене дегендик эмес. Адам рух
дегендик. Дене рухтун конгон жери. (Имам Абдуллах Насафи)
Пайгамбарлардын
рухтары асманда, каалаган жеринде жана кабырларында көрүнөт. Кабырларында
дайыма болбогону сыяктуу, толугу менен өзүнчө калбайт. Алардын кабырлары менен
байланышы жана ошол топурак менен өзгөчө жакындыгы бар. Мунун кандай экендигин
билүүгө болбойт. Ар бир мусулмандын руху менен кабырынын ортосунда туруктуу
байланыш бар. Алар зыярат кылгандарды түшүнүшөт жана алардын саламдарына жооп
беришет. (Али бин Исмаил)
Расулуллах
алейхиссаламдын көзү өткөндөн кийин дагы ыйык руху менен байланышуу албетте
пайдалуу, ал тургай зарыл жана важиб. Бирок, Анын ыйык руху менен байланышуу,
башкача айтканда, ишенүү жана сүйүү, ушинтип ыйык жүрөгүнөн агылып чыккан
пейздерге (берекелерге) жетүү үчүн; Аны таанып-билүү, итикадынын (ишениминин)
туура болуусу, бидаттардан (динде жок болуп, кийин пайда болгон нерселерден)
сактануу жана Ислам динин кармануу зарыл. (С. Абдулхаким Арваси)
Рухтун
лаззаттарынын эң таттуусу, эң үстөмү – акыретте Аллаху тааланы көрүү
болот. (Али бин Эмруллах)
Ислам аалымдары
жүрөктүн (көңүлдүн), рухтун адистери болуп, ар кимдин жөндөмүнө жараша рухий
дарыларын хадиси шарифтерден тандап, айтышкан жана жазышкан. Пайгамбарыбыз
алейхиссалам дүнүйө дарыканасына жүз миңдеген дары даярдаган башкы дарыгер
болуп, олуялар менен аалымдар болсо бул даяр дарыларды оорулуулардын оорусуна
жараша тараткан буйругу алдындагы дарыгерлер сыяктуу. (Абдулхаким
Арваси)
Аллах
адамдары - көңүл ооруларынын дарыгерлери. Батын (ички, жашыруун, руханий)
оорулардын айыгуусу бул улуулардын дарылоосу менен ишке ашат. Булардын сөздөрү
– рух үчүн дарылар. Алардын назарлары шыпаа. Алар менен бирге болгон адам жаман
болбойт. (Ахмед Фаруки)
2 – Бир нерсенин
өзү, гаухары, акыйкаты.
3 – Эмр
ааламынын беш латифасынын бири.
Биз тандаган
жолдо (мужаддидиййа жолунда) илгерилөө көңүлдөн башталат. Көңүл зат эмес.
Затсыз, өлчөмсүз болгон аалам-и эмрден болот. Бул жолдо көңүлдү ашып өткөндөн
кийин көңүлдөн өйдө болгон рух мартабасында, андан кийин кезеги менен сыр, хафи
жана ахфа латифаларында илгериленет, ар бирине таандык руханий илимдерге
жетилет. (Ахмед Фаруки)