Фитра


Фитра – муктаждыгы болгон нерселерден жана карыздарынан артык нисаб өлчөмүндө (динде байлыктын өлчөмү) мал-мүлк жана акчага ээ болгон ар бир азат мусулман Рамазан Айттын биринчи күнү таңда кедейлерге берүүгө милдеттүү болгон белгилүү өлчөмдөгү буудай, арпа, курма, мейиз же алардын баасына барабар алтын же күмүш. Бул садака-и фитр же фитра деп да аталат.

Фитра катары 1750 гр буудай же буудай уну же 3500 гр арпа же буга барабар курма же мейиз берилет. Булардын өзү берилиши мүмкүн болгондой эле, кунуна барабар алтын же күмүш да берилиши мүмкүн. Эгер буудай, ун берүү кыйын болсо булардын кунуна барабар нан да берилиши мүмкүн. Нан бергенде салмагы эмес, акчасына жана баасына каралат. Ханафиде баалуу болгону, Шафииде буудай берген абзел, жакшыраак. (Тахтави)

Фитра ыйык Рамазанда же Рамазандан мурун же айттан кийин да берилиши мүмкүн. (Ибни Абидин)

Мусапыр адамдын да фитра берүүсү зарыл. (Ибни Абидин)

Ханафи мазхабында күйөөнүн аялынын фитрасын өзүнүн мүлкүнөн анын уруксатысыз да берүүсү жаиз. Дагы күйөө аялынын жана үйүндөгүлөрдүн фитраларын алардын уруксатысыз да аралаштырып бере алгандай эле, жалпы көлөмүндө буудайды же кунуна барабар алтынды бир жолу өлчөп, бир же бир канча кедейге бере алат. Бирок, бөлөк-бөлөк даярдап, андан кийин аралаштыруусу же бөлөк-бөлөк берүүсү этияттуу болот. (Ибни Абидин)

Буудайдын же алтындын жалпы көлөмүн анын баасы менен бирден өлчөп, бир же бир нече кедейге бере алат. Бирок, аны өзүнчө даярдап, анан аралаштырып же өзүнчө-өзүнчө берсе этияттуу болот. (Ибн-и Абидин)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш