Илхам


1 – Пайгамбарлардын жүрөктөрүнө ойгоо кездеринде периште көрүнбөстөн илахий вахийдин калтырылышы.

Илхам пайгамбарлардын (алейхимуссалам) жана салих (жакшы) мусулмандардын жүрөктөрүнө келет.

Расулуллах саллаллаху алейхи васалламдын куттуу жүрөгүнө келген илхам ар бир мусулман үчүн далил. Бардык адамдар буларга баш ийиши зарыл. (Абдулгани Наблуси)

2 – Салихтерин, жакшы адамдардын жүрөктөрүнө келчү Ислам динине шайкеш маанилер.

Периштелерден келчү илхам Ислам динине шайкеш. Шайтандан келген васваса (жаман ойлор) Ислам дининен айрылууга себеп болот. (Хадиси шариф-Барика)

Ислам дининин өкүмдөрүн илхам менен түшүнүүгө болбойт. Олуялардын илхамы башкаларга хужжат жана далил боло албайт. Ооба, Ахлуллахтын (олуялардын) илхамдарынын тууралыгын исламий маалыматтарга шайкештигинен билсе болот. Бирок, Ахлуллах, башкача айтканда, олуя болуу үчүн Исламияттын маалыматтарын үйрөнүү жана ага амал кылуу зарыл. "Такыбаа ээлерине (арамдардан сактангандарга) Аллаху таала илимди ихсан кылат” деген маанидеги аяти карима бул жагдайды билдирет. Сүннөткө, башкача айтканда, Ислам динин бекем карманбаган, бидаттан сактанбаган адамдын жүрөгүнө илхам келбейт. Мындай адамдардын айткандары напсиден жана шайтандан келген бузуку, жаңылыш нерселер. (Абдулгани Наблуси)

Руханий илимдер (маалыматтар) кашиф жана илхам аркылуу пайда болот. Мугалимден үйрөнүлбөйт. Ибадаттардын кылынуусу жана бардык Ислам маалыматтарына болсо устаттан үйрөнүү аркылуу жетилет. Эгер Ислам маалыматтары илхам аркылуу пайда болгондо, Аллаху тааланын пайгамбарларды жана китептерди жиберүүсү зарыл болмок эмес. (Абдулгани Наблуси)

Адам илхам кылынган нерселерди кылууга тийиш, васвасаны кылбоо үчүн аракет кылууга тийиш. Напсиге баш ийген адам васвасаларга баш ийет. Напсинин каалоолоруна баш ийбеген адамдын илхамга баш ийүүсү жеңил болот. (Мухаммед Хадими)

3 – Аллаху тааланын билдирүүсү. Севк-и табии. Бүгүн бул инстинк, интуиция деп аталат.

Жаныбарлардын ар бир классынын жана түрүнүн корголушу камсыз кылынган. Жашоолору үчүн адамдын акыл-эсин таң калтырган нерселер аларга илхам кылынган. Бал аары инженер сыяктуу алты бурчтуу бал көзөнөгүн жасайт. Эгер ал цилиндр болгондо алардын ортосунда боштук болмок. Ал эми алты бурчтуу призмалардын ортосунда боштук болбойт. Эгер алар тик бурчтуу болгондо, алардын көлөмү азыраак болмок. Муну адамдар окуп, үйрөнүп түшүнөт. Үйрөнбөгөн адам түшүнбөйт. Аарыга муну ким билдирди? Аллаху таала илхам кылат. (Али бин Эмруллах)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш