Илах


Мабуд, кудай.

Аллаху таала Курани каримде мындай деген мааниде айтат:

Алар (капырлар, мушриктер) ушундай адамдар болуп, Аллах менен бирге башка бир илах бар деп билишет. Алар жакында (баштарына түшө турган натыйжаны) билишет. (Хижр сүрөсү, 96)

Алар аалымдарын жана кечилдерин Аллахтан башка илах кылып алышты. Мариямдын уулу Масихти да (илах кылып алышты). Негизи алар да жалгыз бир болгон Аллахка гана ибадат кылууга буюрулган эле. Аллаху тааладан башка эч кандай илах жок. Ал мушриктер кошкон нерселерден бүтүндөй муназзах (таза)(Тообо сүрөсү, 31)

Кимде-ким Аллаху тааладан башка илах жок экенине, Мухаммед алейхиссаламдын Аллаху тааланын Расулу экенине (өз көзү менен көргөндөй) күбөлүк кылса, Аллаху таала ага Тозокту арам кылат. (Хадиси шариф-Мектубати Имам Раббани)

Ыймандын алты шартынын биринчиси – Аллаху тааланын важиб-ул-вужуд, чыныгы илах жана бардык макулуктардын жаратуучусу экенине ишенүү. (Кемахлы Фейзуллах)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш