Харам


Аллаху таала Курани каримде кылбагыла деп ачык тыюу салган нерселер.

Курани каримде мындай деген мааниде айтылат:

Айт: Раббим бардык фухшияттын (күфүр менен нифакты) ашкересин жана көмүскөсүн, ар түрдүү күнөөнү, хаксыз каршы чыгууну жана Аллаху таалага эч качан бир далил түшүрбөгөн кандайдыр бир нерсени шерик кылып алууңарды жана билбеген нерсеңерди Аллаху таала жөнүндө айтканды харам кылды. (Араф сүрөсү, 33)

Жеген тамактары, кийген кийимдери арам болгон көп адам бар. Анан колдорун көтөрүп, дуба кылышат. Мындай дуба кантип кабыл болот? (Хадиси шариф-Кимйа-и Саадат)

Эгер бир адам арам нерсе кылууну жүрөгүнө келтирсе, бирок, Аллахтан коркуп кылбаса, эч кандай күнөө жазылбайт. Арам нерсе кылганда бир күнөө жазылат. (Хадиси шариф-Барика)

Аллаху таала харам болгон нерселерде силерге шыпаа жараткан эмес. (Хадиси шариф-Бухари)

Харамдардан сактануу – акылдуулардын сый-урматынан, урматтуулардын табиятынан. (Хазрети Али)

Харамда шыпаа жок. (Имам-и Раббани)

Харамдан бир алтынды ээсине берүү жүз алтын садакадан да пазилеттүүрөөк жана жакшыраак. (Имам-и Раббани)

Бул дүнүйөдө харам иш кылган адам акыретте андан куру калат. Бул жерде халал нерселерди колдонгондор ошол жерде ал нерселердин акыйкатына жетет. Мисалы, бир эркек дүнүйөдө харам болгон жибекти кийсе акырете жибек кийүүдөн куру калат. Жибек бул – Бейиштин кийими. Андай болсо, бул күнөөдөн арылмайынча Бейишке кире албайт дегендик. Бейишке кире албагандар Тозокко кирет. Анткени, акыретте бул экөөнөн башка жер жок. (Сеййид Абдулхаким Арваси)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш