Халал


Тыюу салынбаган же тыюу салынган болсо да Ислам дининде жүйөлүү себеп, кедерги жана зарылдык деп эсептелген себептердин бири менен тыюу салынгандыгы жоюлган нерселер.

Аллаху таала Курани каримде мындай деген мааниде айтат:

Эй, момундар! Аллаху таала силерге халал кылган таййиб, тагыраагы, жакшы нерселерди өзүңөргө харам кылып албагыла! Халалдарга харам дебегиле! Аллаху таала халал кылган нерселерге харам дегендерди сүйбөйт. (Маида сүрөсү, 87)

Дубанын кабыл болушу үчүн халал тамак жегиле. (Хадиси шариф-Кимяй-и Саадат)

Эгерде бир адам эч кандай харам аралаштырбай кырк күн халал жесе, Аллаху таала анын жүрөгүн нурга толтурат. Жүрөгүнө дарыялардай хикмет (пайдалуу илим) куят. Дүнүйөгө болгон сүйүүнү жүрөгүнөн алып салат. Хадиси шариф-Кимйа-и Саадат)

Аллаху таала пайгамбарларына буюргандарын момундарга да буюрду жана мындай деди: "Эй, пайгамбарларым! Халал жегиле жана салих (жакшы) иштерди кылгыла!” (Муминун сүрөсү, 51)

Момундарга да мындай деп буюрду: "Эй, ыйман келтиргендер! Мен силерге берген ырыскылардан халал болгондорду жегиле!” (Бакара сүрөсү, 172) (Хадиси шариф-Жами-ул-Усул, Мишкат, Муслим)

Аллаху таалага моюн сунуу бир казынага окшош. Бул казынанын ачкычы дуба, ачкычтын тиштери болсо халал тамак. (Яхйа бин Муаз)

Харам жегендердин жети дене мүчөсү кааласа да, каалабаса да күнөө кылат. Халал жегендердин ар бир дене мүчөсү ибадат кылат. Жакшылык кылуусу жеңил жана таттуу сезилет. (Сахл бин Абдуллах Тустари)

Биздин жолдо кол халал иште, көңүл болсо чыныгы жарда (Аллаху таалада). (Убайдуллах Ахрар)

Ар күнү халалдан алыш-бериш кылуум түндөрдү ибадат, күндүздөрдү орозо кармап өткөрүүмөн мага сүйкүмдүүрөөк. (Муавия бин Курра)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш