1. Мунафыктык,
жүрөгүндө ыйман келтирбегени менен ишенген болуп көрүнүү, ичи менен сыртынын
бирдей болбоосу, капыр.
Курани каримде
мындай деген мааниде айтылат:
Бедуиндер күфүр жана нифак жаатынан катуураак жана
Аллаху тааланын Расулуна түшүргөн чектерди билбегенге ылайыгыраак болушат.
Аллаху таала – аалым жана хаким. (Тообо сүрөсү, 97)
Жүрөгүндө күфүр
бар адамдын өзүн момун экенин айтуусу динде нифак болот. Жүрөгүндө душмандык
бар болуп, достук көргөзүү дүнүйөлүк нифак болот. Күфүрдүн эң жаманы – динде
нифак кылуу. (Мухаммед Хадими)
2. Сырты менен
ичинин туура келбөөсү, эки жүздүү.
Суу
музду эриткениндей нифак да жүрөктү эритет. (Хадиси шариф-Табйин-ул-Махарим)
Эгер
нифак ээлериндеги күнөөлөр билдирилгенде жер бетинде басууга орун калмак эмес.
(Хасан Басри)