1 – Үстөмдүк,
артыкчылык. Көркөм ахлактуулук.
Пазилеттүү адамдардын баркын жалгыз пазилеттүүлөр гана билет. (Хадиси шариф-Бостан-ул-Арифин)
Намазды жамаат менен окуу жалгыз окууга караганда
жыйырма жети эсе пазилеттүүрөөк. (Хадиси
шариф-Ал-Фикх алал Мазахиби Арбаъа)
Төрт халифанын
пазилети жана үстөмдүктөрү халифалыктагы кезектери боюнча. (Имам Газали)
Илим ээлери
калган мусулмандардан жети жүз даража пазилеттүү. (Ибни Аббас)
Имам
Шафииден бир маселе тууралуу суралды, унчукпады. "Эмне үчүн унчукпадың?” –
дешкенде: "Пазилеттин унчукпоодобу же жооптобу, кайда экенин түшүнгөнгө чейин
унчукпоону тандадым”, - деп жооп берди. (Имам Газали)
Хазрети Абу
Бакрдын пазилети ыйманда жана көп мал-мүлк берүүдө, напсин бул жолдо кызматчы
кылууда эң алдыда болуусу себептүү. (Имам Раббани)
2 – Парз жана
важибдердин сыртындагы нафил ибадаттар, тагыраагы, мустахаб менен сүннөттөр.
Дин
үч бөлүк: Буйруктар, тыюулар жана пазилеттер. (Мухаммед Рабхами)