Жумшак мүнөздүү
болуу, ачууланбоо. Күчү жетип турса да кечирүү.
Йа, Раббим! Мага илим бере көр. Хилм менен
зыйнаттандыр. Такыбаа (арамдардан
сактанууну) ихсан кыла көр! Афият менен мени кооздой көр. (Хадиси шариф-Барика)
Аллаху таала хайа, хилм жана иффет ээлерин жакшы
көрөт. Фухуш (жаман) сөз
айткандарды, жабышып кайыр сурагандарды жактырбайт. (Хадиси шариф-Барика)
Илим үйрөнүү менен, хилм болсо аракет кылуу менен пайда болот. Аллаху таала
жакшы бир нерсе үчүн аракет кылган адамды максатына жеткирет. Жамандыктан
сактанган адамды андан сактайт. (Хадиси шариф-Барика)
Хилминин себеби менен пенде күндүздөрү орозо кармаган,
түндөрү намаз окугандардын даражасына жетет. (Хадиси шариф-Мектубат-и Маъсумиййа)
Ачууланган
учурдагы хилм заалымдардын каарынан сактайт. (Хазрети Али)
Аллаху
тааланын хилми ушунчалык көп болуп, пенделеринин жазаларын берүүгө ашыкпоодо.
(Имам Раббани)