Ислам дини » Терминдер » Халим (Ал-Халим)




Халим (Ал-Халим)


1 - Аллаху тааланын Асма-и хуснасынан (көркөм ысымдарынан). Ар дайым хилм ээси болгон, күнөө кылгандардын күнөө кылууларын, буйруктарына баш ийбей каршы чыккандарын  көрүп турса да, каарданууга жана аларды жазалоого күчү жетип турса да ашыкпаган. Аллаху таала пенделерин жазалоого шашылбайт, бирок, аларды кайдыгер да калтырбайт.

Курани каримде мындай деген мааниде айтылды: "Билип койгула, Алллаху таала магфират кылуучу (кечиримдүү), Халим. (Бакара сүрөсү, 235)

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) кайгылуу учурларында: "Азим, Халим болгон Аллахтан башка илах жок. Улуу арштын Рабби болгон Аллахтан башка илах жок”, - дечү. (Имам Муслим)

Ал-Халим ыйык ысымын  окуган адам деңизде болсо чөгүүдөн, кандайдыр бир унаада болсо өлүүдөн кутулат. (Юсуф Набхани)

2 – Жумшак, катуулук кылбаган, ачууланбаган бирөө.

Аллаху таала Курани каримде мындай деген мааниде айтат: "Ибрахим (алейхиссалам) Аллаху тааладан катуу корккондуктан көп "ах” дечү. Халим эле.” (Тообо сүрөсү, 114)

Аллаху таала халим, иффеттүү адамды жакшы көрөт, жийиркеничтүү нерселерди айткан, көшөрүп элден бир нерсе тиленген адамга ачууланат. (Хадиси шариф-Табарани)

Халим адам ачууга себеп болгон нерселерге ачууланбайт, санаага батпайт. Коркок адам өзүнө зыян келтирет. Ачуулуу адам болсо өзүнө да, башкаларга да зыян келтирет. (Хадими)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш