Афиет


1 – Ден соолук, саламаттык, денеде оору сыркоонун жоктугу.

Аллаху тааладан афиет тилегиле. Ыймандан кийин афиеттен да артык чоң немат жок. (Хадиси шариф-Муснад-и Ахмед бин Ханбал)

Йа, Раббим! Сенден ден соолук, афиет, аманатка кыянат кылбоо, көркөм ахлак жана тагдырга ыраазы болууну тилеймин. Эй, ырайымдуулардын ырайымдуусу! Ырайымыңдын урматы үчүн буларды мага бере көр. (Хадиси шариф-Эдеб-ул-муфрад)

­Дарт жана балээ келгенде Аллаху таалага сыйынуу керек. Куткаруусу жана афиет берүүсү үчүн дуба кылуу керек, Ага жалбаруу керек. Аллаху таала дуба кылгандарды, ден-соолук, саламаттык жана афиет тилегендерди жакшы көрөт. (Ахмед Фарук)

2. Күнөө кылбоо.

Йа, Раббим! Мага илим бере көр, хилм (жумшактык) менен зыйнаттандыра көр. Такыбаа (арамдардан сактануу) ихсан кыла көр. Афиет менен мени кооздой көр. (Хадиси шариф-Барика)

Улуулардын бири дайыма дуба кылчу, Аллаху тааладан бир күндүк афиет тилечү. Бир киши бул заттан: "Сен күндө афиетте эмессиңби?” – деп сурады. "Мен Аллаху тааладан ушундай бир күн тилөөдөмүн, таңдан кечке чейин Аллаху таалага бир да күнөө кылбайын. Афиетте өткөн күн мына ушундай болот”, - деди. (Имам Раббани)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш