Ач
көздүк, дүнүйө мал-мүлкүнө ашыкча берилүү.
Тамаънын
эң жаманы – адамдардан күтүү. Текебердикке, ужбга (өзүн-өзү жактырууга) себеп
болгон нафил ибадаттарды жана акыретти унутууга себеп болгон мубахтарды (динде
уруксат берилген нерселерди) кылуу да тамаъ. Тамаънын карама-каршысы,
антоними "тавфиз” деп аталат. Тавфиз болсо адал жана пайдалуу
нерселерди табууга аракет кылып, аларга жетүүнү Аллаху тааладан күтүүдө. (М.
Хадими)
Шайтан
рияны чын ыклас катары жана тамаъды болсо карама-каршысы катары көрсөтүп,
адамдарды алдоого аракет кылат. Шайтан ит сыяктуу. Ит куулганда качып
кетсе дагы башка жактан кайра келет. Напси жолборс сыяктуу. Анын чабуулу
өлтүрүү менен гана аяктайт. (Имам-и Раббани)