Хушуъ


Кичи пейилдик, карапайымдык. Аллаху таалага баш ийүү. Коркуу жана сүйүүдөн пайда болчу адептүү бир абал.

Аллаху таала аят-и карималардын маанисинде мындай деген:

Ыйман келтирген адамдардын Аллаху тааланы жана Хактан түшкөндү (Курани каримди) зикир үчүн жүрөктөрүнүн хушуъ мезгили дагы эле келбедиби? Алар мурда өзүлөрүнө китеп берилип да, арадан көп убакыт өткөн болуп, эбак эле жүрөктөрү карайып кеткендер сыяктуу болушпасын. Алардын көбү диндеринен чыккан фасыктар. (Хадид, 16)

Момундар эмне болсо да кутулушат. Алар намаздарын хушуъ менен окушат. (Муминун сүрөсү, 12)

Жүрөктү алаксыткан, хушуъну кетирген нерселердин алдында, мисалы, кооздук буюмдардын жанында, оюн-зоок жана музыкалык аспаптардын жанында, катуу каалаган тамактардын алдында намаз окуу макрух. (Ибн-и Абидин)

Хузур жана хушуъ менен окулган эки рекет намаз гафил (Аллаху тааланы унуткан) бир жүрөк менен кечтен таңга чейин окулган намаздан жакшыраак. (Абдуллах ибни Аббас)

Дубанын адептеринин бири – дуба кылып жатканда алсыздыгын билдирүү, хузур, хушуъ менен жана кабыл болушун үмүт кылып, өзү каалаган нерседе туруктуу болуу. (Имам-и Газали)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш