Ислам дини » Терминдер » Гаффар (Ал-Гаффар)




Гаффар (Ал-Гаффар)


Аллаху тааланын Асма-и хуснасынан. Күнөөлөрдү, кемчиликтерди жана каталарды абдан кечирүүчү.

Аллаху таала аят-и каримада мындай деген мааниде буюрат:

Албетте, мен тообо кылган, ыйман келтирип, салих (жакшы) амал кылган, анан хак жолдо чыдамкайлык көрсөткөн жана аны уланткан адамга Гаффармын. (Таха сүрөсү, 82)

 Аллаху таала Гаффар. Ал жакшы иштерди ачыкка чыгаруучу, күнөөлөрдү жана жамандыктарды жабуучу. Ал пенделеринин айыптарын башкалардын көздөрүнөн жашырган, жүрөккө келген жаман ойлор үчүн пенделерин жоопко тартпаган жана кечирген зат. (Абдулхаким Арваси)

Аллаху тааланын Асма-и хусналары бар. Бул ысымдар да өзүнүн заты сыңары түбөлүктүү, башкача айтканда, башталышы жок. Бул токсон тогуз ысымдын ичинде болгон же болбогон Мунтаким жана Шадид-ул-икаб сыяктуу ысымдарынан улам жети Тозокту жаратты. Рахман, Рахим, Гаффар, Латиф жана Рауф сыяктуу ысымдарынан улам сегиз Бейишти жаратты. Тозок менен Бейишке кирүүгө себеп боло турган нерселерди эзелде ажыратты. Абдан мээримдүү болгондуктан буларды пенделерине билдирди. (Хадими)

Жума намазынан кийин жүз жолу ал-Гаффар куттуу ысымын айткан адам Аллаху тааланын кечиримине жана магфиратына жетет. (Юсуф Набхани)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш